Кыргызстан жарандарына “миграциялык мунапыс” берилет
Россияда Кыргызстандын жарандарына “миграциялык мунапыс” берилет. Бул тууралуу 22-мартта Кыргызстандын Россиядагы элчилигинен кабарлашты.
“Миграциялык мунапыс” учурунда Россиянын аймагында миграциялык мыйзамдарын бузуп жүргөн кыргызстандыктар 2019-жылдын 22-апрелине чейин Россиядан эч кандай тоскоолдуксуз чыгып жана каалаган учурда кирсе болот. Алар эч кандай админстративдик жоопко тартылбайт.
Кабарда: “Россиянын президенти Владимир Путиндин Кыргызстанга боло турган мамлекеттик сапарына карата эки мамлекеттин башчыларынын деңгээлинде жетишилген эки тараптуу келишимдерди ишке ашыруунун алкагында Россия Кыргызстандын жарандарына “миграциялык мунапыс” жарыялоо чечимин кабыл алды”, – деп айтылат.