УКМК: Бабанов өлкөгө кайтып келсе жоопко тартылат

391
0

УКМК: Бабанов өлкөгө кайтып келсе жоопко тартылат

Эгерде Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Өмүрбек Бабанов Кыргызстанга кайтып келсе, мыйзам боюнча жоопко тартылат. Бул тууралуу УКМКнын расмий өкүлү Рахат Сулайманов билдирди.

Өмүрбек Бабанов 21-мартта “Фейбуктагы” баракчасы аркылуу кыргызтандыктарды Нооруз майрамы менен куттуктап, “жакында көрүшкөнчө” деп жазган.

Буга чейин, УКМК Өмүрбек Бабановдун үстүнөн эки кылмыш иши боюнча тергөө жүрүп жатканын кабарлаган.

Биринчиси, шайлоо өнөктүгү учурунда Ош шаарынын Амир-Темур кичи районунда сүйлөгөн сөзү боюнча, ал эми экинчи кылмыш иши “бийликти басып алууга даярдык көрүү” деген айып менен козголгон.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here