Кыргызстан жарандарына “миграциялык мунапыс” берилет

333
0

Кыргызстан жарандарына миграциялык мунапыс” берилет

Россияда Кыргызстандын жарандарына “миграциялык мунапыс”  берилет. Бул тууралуу 22-мартта Кыргызстандын Россиядагы элчилигинен кабарлашты.

 “Миграциялык мунапыс” учурунда Россиянын аймагында миграциялык мыйзамдарын бузуп жүргөн кыргызстандыктар 2019-жылдын 22-апрелине чейин Россиядан эч кандай тоскоолдуксуз чыгып жана каалаган учурда кирсе болот. Алар эч кандай админстративдик жоопко тартылбайт.

 Кабарда: “Россиянын президенти Владимир Путиндин Кыргызстанга боло турган мамлекеттик сапарына карата эки мамлекеттин башчыларынын деңгээлинде жетишилген эки тараптуу келишимдерди ишке ашыруунун алкагында Россия Кыргызстандын жарандарына “миграциялык мунапыс” жарыялоо чечимин кабыл алды”, – деп айтылат.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here