Бириккен Улуттар Уюму – кой терисин жамынган карышкыр

561
0

Бириккен Улуттар Уюму – кой терисин жамынган карышкыр

28-февраль күнү Женевада Яманга жардам көрсөтүү боюнча донор мамлекеттердин конференциясы болуп өттү. БУУнун маалыматына ылайык, конференцияда БУУ Ямандагы «гуманитардык амалияттарды кеңейтүү жана туруктуулукту камсыздоо» үчүн дүйнөдөгү 16 мамлекеттен 2.6 миллиард доллар чогулткан.

Бу туурасында ушуларды баса белгилейбиз:

  1. БУУ Яман калкы башынан өткөрүп жаткан оор гуманитардык абалдан пайдаланып, алардын атынан гуманитардык жардамдарды чогултуп жатат. Түпкүлүгүндө, мындай оор абал Яман үстүндө өз ара күрөшүп жаткан Англия-Америка жана Яманда согуш алып барып жаткан алардын жергиликтүү жана регионалдык инструменттери себептүү жүзөгө келди. Көпчүлүк Яман калкы бул гуманитардык жардамдар жана каражаттар аларга жетип барбашын, бул жардамдардын күкүмдөрүн гана аларын билишет. БУУ ушул каражаттардын чоң бөлүгүн уурдап, кээде өзүнүн кызматкерлерине берсе, кээде өзүнүн ыплас программалары аркылуу Яман калкын бузууга сарптайт. Андан тышкары, бул жардамдар дээрлик түгөнүп бүттү. Яман калкынын кырылышы же жугуштуу ооруларга чалдыгышы БУУну таптакыр тынчсызданпайт. Тескерисинче, Яман калкынын азап-кыйынчылыктарга дуушар болушу БУУнун ири каражаттарга ээ болушуна булак болот, ыйман жана хикмат өлкөсүнө салып жаткан чеңгелин бекемдөөгө мүмкүнчүлүк берет.
  2. БУУ Американын колундагы курал, Америка дүйнө түзүмүнө өкүмдарлык кылууда ушул куралдан пайдаланат. Америка бул уюм аркылуу хусийлерге колдоо көрсөтүп жатканы, гуманитардык жардамдардын бир бөлүгүн аларга берип жатканы таң калычтуу эмес. БУУнун гуманитардык жардамдары жашыруун базарда сатылышы да, БУУ хусийлерди колдоп жатканы да эч кимге сыр болбой калган. БУУ хусийлерди колдоп жатканын анын жылдык отчёттору же Яманда аракет кылган уюмдары ырастап турат.
  3. Ямандагы согуш канчалык созулса, бул согуш ошончолук БУУ кызыкчылыгына кызмат кылат. Себеби, БУУ гуманитардык жардамдарды көрсөткөн уюм эмес, ал Ислам жана мусулмандарды жек көргөн колонизаторлуктун куралы. БУУнун кылмыштары жана фитналары талкуулана турган нерсе эмес, бул жөнүндө аңкоо кишилер гана же малай акимдер гана тартышуусу мүмкүн.
  4. Жардам деп чогултулуп жаткан бул каражаттар, түпкүлүгүндө, тартууланчу белек эмес, ал Яман калкынын акысы. Донор мамлекеттер бул каражаттарды өз каалоосу менен берип жатышкан жок, алар Яман үстүндө өз ара күрөшүп жаткан Америка жана Британиянын талабына итаат кылганы үчүн беришүүдө. Бул малай мамлекеттер Ямандагы ыплас согуштун курмандарына Аллах үчүн эч нерсени ихсан кылышпайт, ошол эле учурда, Ислам Умматынын байлыктары колонизаторлордун чөнтөгүнө дарыя болуп агып чыгып кетүүдө.
  5. Эгер, Яман калкынын мусулмандарды бириктире турган жана Ислам менен башкара турган исламий мамлекети болгондо бул сыяктуу гуманитардык жардамдарга муктаж болбойт эле. Өлкөдө байлыктар абдан көп. Бирок, бул байлыктар адилетсиз салыктар аркылуу Яман калкын эзген согуштагы тараптардын жана алардын колонизатор кожоюндарынын чөнтөгүнө түшүүдө.
  6. Яман калкы алардын өлкөсү үстүндө Англия-Америка согушу жүрүп жатканын, БУУ алардын өлкөсүндө арамза аракеттерди алып барып жатканын жакшы аңдап жетүүлөрү, өлкөнү кыргын жана кан төгүүлөрдөн куткарууга аракет кылышы керек. Бул болсо, Пайгамбарлык минхажы негизиндеги рошид Халифалыкты тикелөө менен гана ишке ашат. Рошид Халифалык ички жана тышкы саясатта Ислам менен өкүм жүргүзөт, бардык кризистерге чекит коёт, ошону менен бирге, азап, кыйроо, согуш жана фитна гана алып келген колонизаторлорду жана алардын малай акимдерин кууп чыгарат.

Роя гезити

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here