Порошенко: Путин менен “каша бышыруу” ниетим жок
Украина президенти Петр Порошенко ICTV телеканалынын эфиринде Владимир Путин менен“каша бышыруу” ниети жоктугун айтты. Ал Путиндин Киев менен мамиле туурасындагы сөзүнө ушундай жооп кайтарды. Бул тууралуу “Sputnik” кабарлаган.
Путин Крымга сапарында Россия менен Украина калкынын ортосунда эч кандай келишпестик жоктугун, а бирок, Кремль Украинанын азыркы бийлиги менен тил табыша албай жаткандыгын айткан.
Россия президентинин айтымында, Киев өкмөтү менен “каша бышыруу жана кандайдыр оң найтыжага жетишүү мүмкүн эмес”.
О.э. Киевдин азыркы жетекчилиги таң калычтуу экендигин кошумчалаган.
Петр Порошенко Путиндин бул сөздөрүнө жооп иретинде дүйшөмбү күнү эфирге чыгып, Россия бийлиги менен “каша бышыруу” ниети жоктугун айтты. Порошенко Москвага карата санкциялык басымдарды күчөтүү аракетин улантарын билдирди.
“Кимдир бирөөлөрдүн кимдер менен “каша бышыруусуна” келсек, мен биздеги кээ бир президенттикке талапкерлер сыяктуу, каша бышырууну да, аны жегенди да, балык уулаганы барууну да каалабайм”, – деген Порошенко.
31-мартта Украина президенттигине шайлоо болуп өтөт. Президенттикке 39 талапкер ат салышууда. Сурамжылоонун жыйынтыгы боюнча, мындан бир аз убакыт мурда “Батькивщина” партиясынын жетекчиси Юлия Тимошенко алдыңкы орунда болсо, акыркы эки айда шоумен Владимир Зеленский алдыга чыкты.
Ал эми учурдагы президент Порошенконун рейтинги 20%га барабар болууда.