Нурсултан Назарбаев президенттиктен кетти

331
0

Нурсултан Назарбаев президенттиктен кетти

Нурсултан Назарбаев отставкага чыкты. Казакстандын президенти бул тууралуу мамлекеттик телеканалда жарыя кылды. 

 “Мен өзүм үчүн оор болгон чечимди кабыл алдым – президенттик кызматтан кетүүнү чечтим. Президенттик кызматка киришкениме быйыл 30 жыл болот. Мен эгемендүү Казакстандын биринчи президенти болуу бактысына жетиштим. Биз туура жол менен бара жатканыбызга ишенем. Эгерде биз күчтүү болсок, бардыгы бизди урматтайт, биз менен эсептешет. Эгерде биз бирөөлөргө ишенсек – утуштарыбыздан кол жууйбуз. Жашасын Казакстан!”, – деди Нурсултан Назарбаев мамлекеттик телеканалдын эфиринде. 

 Ошону менен бирге, Нурсултан Назарбаев Коопсуздук кеңешинин төрагасы катары ишмердүүлүгүн улантарын билдирди.

“Мен маанилүү ыйгарым-укуктарга ээ болгон Коопсуздук кеңешинин төрагасы бойдон каламын. “Нур Отан” партиясынын төрагасы жана конституциялык кеңештин мүчөсү бойдон калам. Башкача айтканда, силер менен болом”, – деди Назарбаев.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here