Саткындык жана малайлык Фарс Булуңунун акимдеринин мүнөзүнө айланган
«Sky News Arabia» сайты хижрий 1440-жылы 20-жумадус-саний, миладий 2019-жылы 25-февраль күнү жарыялаган кабарда мындай делет:
«АКШ президентинин кеңешчиси жана Жакынкы Чыгыштагы өкүлү Жаред Кушнер «Sky News Arabia» сайтына берген интервьюсунда Жакынкы Чыгыш регионундагы тынчтык планынын негизги багыттарын ачыктап, алар «эркиндик жана урматтоо» деп баса белгиледи.
Кушнер бул планда айтылган багыттар жөнүндө: «Биз төрт багыт: мүмкүнчүлүк, дин жана ишеним эркиндиги, аларга кошумча, башкаларды урматтоого этибарды караттык», – деди.
Кушнер минтип кошумчалады: «Адамдарды урматтоо кепилдениши керек, бири-бирин урматтоо, жашоону жакшылоо үчүн бар болгон мүмкүнчүлүктөрдөн пайдалануу жана ата-бабалардан калган жаңжалдар муундун келечегин уурдабашы зарыл жана коопсуздук сакталышы керек».
Роя гезити:
Кушнердин планы же бизге тыгыштырып жаткан айла-амалдуу жолу мына ушундай. Анын максаты – ыйык жерибизди тебелеп жаткан, өлкөбүздү яхудийлештирип, айрым инсандарды үй-жайсыз калтырып жаткан, калгандарды болсо азап-кыйынчылыктарга салган яхудий вужуду жөнүндөгү тарыхий, географиялык жана акыйдавий чындыктарды унуттуруу.
Фарс Булуңундагы кылмышкер акимдер региондогу козголоңго каршы аракеттерди каржылап, эркиндиктерди да, урматтоону да, ибадаттарды да Америка айткандай белгилейт, демек, Кушнер айтып жаткан «тынчтык» бир нерсени гана түшүндүрөт т.а. биздин калктар Америка короосундагы койлор сыяктуу, ал каалаган маалда аларды яхудийлердин колу менен соёт.
Бирок, Кушнер ушуну билип койсун, рувайбиза акимдер анын кербенин ээрчип, мусулмандардын алгачкы кибласынан баш ратышкан болсо да о.э. Ислам тонун кийип Кушнердин региондогу согушуна кошулуп жатышкан болсо да, бул нерсе Аллахка зыян жеткире албайт, Умматты жок кыла албайт. Тескерисинче, динге жана өлкөгө кыянаттык кылып, текебер Батыш жана яхудийлер алдында чөгөлөп жаткан мусулман акимдерине каршы Умматтын козголуусун дагы да ылдамдатат.
Роя гезити, №224, 2019–жыл, 6–март.