Алжир Бутефликанын бешинчи мөөнөтүнө каршы козголууда

368
0

Алжир Бутефликанын бешинчи мөөнөтүнө каршы козголууда

«Би-Би-Си арабий» сайты хижрий 1440-жылы 26-жумадус-саний, миладий 2019-жылы 3-март күнү жарыялаган кабарда мындай делет:

«Алжир президенти Абдулазиз Бутефликанын бешинчи мөөнөткө талапкерлигин коюшуна каршы бир нече университеттерден башталган нааразылык демонстрациялары дагы да көбөйдү. Күчөтүлгөн коопсуздук чаралары тушунда борбор Алжирде жүздөгөн студенттер чогулушту.

Өлкөдө Бутефликанын бешинчи мөөнөткө талапкерлигин көрсөтүшүн каралаган демонстрациялар болуп жатат. Бирок, Бутефлика өзүнүн талапкерлик арызын расмий түрдө сунуштай элек».

Роя гезити:

Алжир калкы Сирия, Мисир жана «Жоголсун режимдер» деп жаткан башка мусулман өлкөлөрүн көрүштү. Ошону менен бирге, алар өкүм жүргүзүп жаткан алардын режими канчалык жырткыч экенин да абдан жакшы билишет. Анткени, алар бул нерсени «кандуу он жылдыкта» (1991-жылдан 2001-жылга чейин уланган жарандык согушта) өз башынан өткөрүшкөн. Бирок, бул кандуу он жылдык да, режимдин ырайымсыздыгы да аларды эркинен тосо албады жана коркуу дубалын кулатып, көчөлөргө чыгып, режимге «Жетишет!!!» деп кыйкырышына жолто боло албады.

Бирок, адамдардын ушул козголуусу чыныгы козголоңго айланышы зарыл жана бул үчүн алар белгилүү бир пикирий саясий жетекчиликке ээрчүүсү керек. Мусулмандар үчүн акыйда жана түзүмдү камтыган Исламдан башка жетекчилик жок. Ооба, ушул улуу Умматтын каны өткөн ондогон жылда дайра болуп төгүлдү! Жетишет, бул курмандыктар жана аракеттер Пайгамбарлык минхажы негизиндеги рошид Халифалыкты тикелөө аркылуу исламий жашоону кайрадан баштоого багытталышынын убагы келбедиби?! Ыплас демократияга жана улутчулдукка багытталган аракет менен инсандарга Набий ﷺдын суннаты негизинде өкүм жүргүзгөн Халифалыкка багытталган аракеттин ортосунда абдан чоң айырма бар. Демократияга негизделген жашоо менен Ислам мафкурасына негизделген жашоонун ортосунда абдан чоң айырма бар.

Роя гезити, №224, 2019жыл, 6март.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here