Режимдерди өзгөчө кырдаал эмес, адилеттик сактайт
Хизб-ут-Тахрир–Судан вилаятынын басма сөз билдирүүсүндө мындай делет:
«Судан жетекчиси Умар Баширдин өзгөчө кырдаал жарыялашы адамдардын оозун жабууга жана режимди кылмыштары үчүн сындашына жол бербөөгө багытталган. Негизи, мына ушул кылмыштар Суданды турмуштун бардык тармактарындагы аянычтуу ахвалга алып келди…
Бу коопсуздук чечими, андан режимдин термелип калган тактысын сактап калуу көздөлгөн. Бул чечимдин адамдардын жашоосун тозокко айланткан кризистерге эч кандай тиешеси жок…
Режим өзүнүн коопсуздук күчтөрүнүн тизгинин бош коё берип, жалаң гана шектенүү негизинде адамдарды коркутуп террор кылуусуна, камактарга алуусуна, мал-мүлктөрүн тартып алышына жол ачып берди. Бул болсо Ислам шариятына тескери болгон токой мыйзамы. Анткени, Ислам шариятында инсандарды шектенүү менен камакка алуу арам…
Иштебей жаткан мыйзамдар менен өзгөчө кырдаалдын ортосунда айырма жок. Анткени, бул мыйзам жана конституциянын баары режимдин аткаминерлеринин көңүл-каалоосуна ылайык түзүлгөн. Туура жолдон тайган бул режим дале адашып жүрөт, насихаттарды уккусу келбейт. Алар режимдерди коргой турган нерсе коопсуздук күчтөрү да, өзгөчө кырдаал да эмес экенин, Ислам адилети жана өкүмдөрү коргошун билбей жатышат. Ошондуктан, ушул Умматтын калыс перзенттеринин жоопкерчилигинде өлкө акимдеринин адашуусун токтотуп, Пайгамбарлык минхажы негизиндеги рошид Халифалык мамлекетин кайра тикелөө үчүн аракет кылып жаткандарга кошулуу вазыйпасы турат. Анткени, өлкөбүздөгү гана эмес, бул адашкан дүйнөдөгү бардык проблемаларды чечүүгө бир гана ушул мамлекет кудуреттүү.
Роя гезити, №224, 2019–жыл, 6–март.