Бишкекте конфессиялар (диний агымдар) ортосунда жакындык пайда кылууну көздөгөн жыйын болуп өттү

479
0

Бишкекте  конфессиялар (диний агымдар) ортосунда жакындык пайда кылууну көздөгөн жыйын болуп өттү

Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия 4-март күнү “Диний чөйрөдөгү актуалдуу маселелер: кыска мөөнөттүү жана перспективдүү пландарды талкуулоо” деген темада тегерек стол уюштурду.

Иш-чарадан көздөлгөн максат, мамлекет менен диний уюмдардын ортосундагы кызматташууну күчөтүп, конфессиялар аралык ынтымакты бекемдөөдө,  радикализмдин жана экстремиздин алдын алууда биргеликте иш-чараларды өткөрүү.

Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын директору Зайырбек Эргешов: “Биздин максат конфессиялар аралык диалогду өнүктүрүү. Дин жаатындагы маселеде өлкөнүн демократиялык принциптерди сактоого милдеттүүбүз. Ар бир жаран диний жана башка ишенимдерин эркин тандоого укуктуу. Жарандарыбыздын тандаган маданий жана диний баалуулуктарын сыйлашыбыз керек”, – деди.

Комментарий: 

Демократия – бул “динди турмуштан ажыратуу” акыйдасына курулган дүйнө караш. Ал адамдар ортосундагы бардык алака- мамилелер адамдар тарабынан башкарылышы керек деп билет.

Ислам  – “Ла илаха иллАллах” акыйдасына, башкача айтканда , Аллахтан башка илах жок, акыйдасына курулган, Ислам – бул адамдар ортосундагы бардык алака-мамилелерди тартипке салуу үчүн Аллах тарабынан түшүрүлгөн дин!

Турмуш – бул адамдардын гарыйзаларынан келип чыккан бардык проблемаларды бири-бири менен мамиле кылуу аркылуу чечүү.

Демек, Ислам дини менен демократия – адамдар ортосундагы алака-мамилелерди тартипке салууда бири-бири менен коом талашып жаткан атаандаштар болуп эсептелишет!

Муътадилдик (мээлүүндүк) – бул Исламды куфр (демократия) менен аралаштыруу негизинде иштелип чыккан куфр долбоору!!!

Боордоштор, кафирлер Исламды куфрга ылайыкташтыруу, аны куфр коргоочусуна айландыруу максатында ар тараптан, ар түрдүү аракеттерди кылып жатышат. Алар Ислам үммөтүн өздөрү кирип келип, алдап, фитнага сала алышпайт. Ошондуктан, алар айрымдарыбызды арзыбаган дүйнө матасы менен сатып алып, же ар түрдүү айла-амалдар менен азгырып өздөрү тарапка тартып алып, андан соң экинчи тарапты ар түрдүү атамалар менен атап, бирибизди-бирибизге каршы коймокчу болушууда.

Куфр менен Ислам аралашпайт! Бул аралашма куфрдун өзү болуп, жогорудагы тегерек стол бизди куфрга чакырууда! Аллах сактасын!

Абдураззак.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here