Россиялык командачы Өзбекстанга келди
Өзбекстандын коргоо министринин биринчи орун басары, куралдуу күчтөрдүн Башкы штаб башчысы генерал-майор Павел Эргашев Россия Федерациясынын Борбордук аскерий округу кошуундарынын командачысы генерал-полковник Александр Лапин башчылыгындагы аскерий делегацияны кабыл алды. Бул тууралуу Өзбекстан Коргоо министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.
Россия куралдуу күчтөрүнүн делегациясы Өзбекстан куралдуу күчтөрү академиясына барып, жогорку аскерий окуу жайдын тарыхы жана ишмердүүлүгү менен таанышкан. Ал жерде Лапин Россия армиясынын Жакынкы Чыгыштагы согуштук аракеттери жөнүндө лекция өтүп, академиянын өздүк курамы менен тажрыйба бөлүштү.
Александр Лапин Өзбекстан Россиянын стратегиялык өнөктөшү о.э. Борбор Азия регионунда коопсуздуктун кепилдиги экендигин билдирди.
О.э. эки өлкөнүн коргоо мекемелеринин кызматташтыгын мындан ары өнүктүрүү, аскерий билим берүү багытында өз ара кызыкчылыктуу мамилелерди бекемдөө талкууланды.
2017-жылдын октябрында “Фориш” тоо полигонунда болуп өткөн аскерий машыгуулар эскерилди.