Саясий аң-сезимдин эрежеси
Бүгүнкү күндө Ислам дүйнөсү башкарууга жана кам көрүүгө жөндөмдүү иштиктүү саясий лидерлерге о.э. чыныгы көрүнүштөгү саясатка муктаж.
Мындай кемчилдиктин себеби – бекем базага жана эрежелерге негизделген саясий аң-сезимдин жоктугу. Көпчүлүк мусулмандарда бул нерсе жок. Башкача болушу мүмкүн эмес, анткени Ислам Умматында Исламий шариаттын өкүмдөрү, өзгөчө башкаруу системасынын өкүмдөрү колдонулбай жатат. Бул нерселердин баарынын артында Ислам Умматы Халифалык мамлекетинен айрылгандыгы турат. Халифалык мамлекети Ислам мыйзамдарын жана түзүмдөрүн колдонуунун механизми эле о.э. көптөгөн мамлекеттик ишмерлердин жана чыныгы саясатчылардын кепили болчу.
Көптөгөн наадандар жана мансапкорлор «саясат – бул алдоо чеберчилиги» деп билишет. Акыйкатта болсо, саясат – бул адамдардын иштерине түздөн-түз кам көрүү жана алардын кызыкчылыгын коргоо. Анын туруктуу вакиълиги ушундай, ал мекен жана замандын өзгөрүшү менен өзгөрбөйт. Бул кам көрүүгө негиз болгон база гана өзгөрүшү мүмкүн. База бир канча түрдө болот: толук эмес идея, же акыйданы жана түзүмдү камтыган идеология, же тар чөйрөдөгү кызыкчылык.
Саясатчы, эгер мамлекетти башкарган адам болсо, ал адамдардын иштерине иш жүзүндө кам көрөт жана аларга мыйзамдарды колдонот. Эгер, ал башкаруучу болбосо, анда башкаруучу белгиленген багыттан чыгып кетсе, ал аны тергеп-тескейт, коомго таасир кылат, коомдук пикирдин калыптанышына жана коомдук өзгөрүүлөр жасалышына көмөк көрсөтөт.
Жогоруда айтылгандар саясатка жана саясатчыларга тиешелүү болду, ал эми, саясий аң-сезим белгилүү бир базистерге жана эрежелерге негизделген саясий менталитетти түзүүгө байланыштуу. Эгер, саясий менталитет бекем түзүлгөн болсо, анда пайда болгон саясатчылар коомдо чыныгы лидер болушат, ал эми саясат адамдардын иштерине кам көрүүгө каратылат, аларды жаңы деңгээлдерге көтөрөт.
Майнаптуу саясий аң-сезим бекем идеялык базага негизделет, ошол эле учурда, ал бардык саясий концепцияларга саясий база болуп эсептелет. Исламда бул база «ла илаха иллаЛлох» акыйдасы болуп саналат, ал түзүмдүн негизи жана мусулмандын дүйнөгө болгон жалгыз көз карашы. Бүгүнкү күндө болуп жаткандай, бул көз караш жок болсо мусулмандардын да аң-сезими жок болот. Учурда бул көз караш Ислам акыйдасына таянбаган тар улутчулдук жана ыплас мекенчилдик, жеке кызыкчылык байланыштарына негизделген башка көз караштарга алмаштырылды.
Бирок, акыйдага таянган база саясий аң-сезимди калыптандырууга о.э. мамлекеттик ишмерлерди жана таасирдүү саясатчыларды даярдоого жетиштүү эмес. Акыйдага таянган базага кошумча, туура саясий аң-сезимди калыптандыруу жараяны үчүн зарыл болгон элементтер керек:
1 – Мамлекеттер, калктар, алардын маданияты, дини, саясий түзүмү, кубатынын элементтери, байлыгы, географиялык орду, тарыхы, умтулуулары жана башкалары жөнүндө жалпы маалымат.
2 – Күнүмдүк жаңылыктарды, окуяларды, өзгөрүүлөрдү, биринчи кезекте расмий адамдардын билдирүүлөрүн күзөтүү. Бул нерсени бир канча жолдор менен ишке ашырса болот: журналдарды, гезит жана сайттарды окуу, же болбосо жаңылык көрсөтүүлөрүн, комментарийлерди жана саясий талдоолорду тыңдоо. Маанилүүсү, бул нерсе күн сайын үзгүлтүксүз улануусу шарт. Бул күзөтүү саясатчылардын күнүмдүк азыгы болушу керек, бул нерсе тырышчаактыкты жана чаалыкпаган жигердүүлүктү талап кылат. Күзөтүү эң маанилүү саясий аракет жана бүткүл саясий жараянды түшүнүүнүн ачкычы болуп эсептелет. Бул иш абдан оор жана бекем сабырдуулукту талап кылат. Адам жогоруда айтылган бардык нерселерди күзөтпөстөн саясатчы боло албайт.
3 – Алдын ала айтылган пикирден оолак болуу. Ал пикир окуяга карата алдын ала даярдалган болушу мүмкүн жана талдоочуга таасир кылып, натыйжада талдоочу аны кабыл алышы жана аны ээрчип кетиши мүмкүн.
4 – Башкалардын көз карашына маани бербөө жана бул көз караштарды көпчүлүк адамдар колдоп жатса да, алардын таасирине түшүп калбоо. Себеби, бул маселе көпчүлүк же азчылык маселеси эмес, ал вакиъге туура келүү же туура келбөө маселеси.
5 – Кабыл алынган мурун белгиленген эрежелерди эсепке алуу жана аларды талдоодо колдонуу.
6 – Байлоо: окуяга же билдирүүгө тиешелүү маалыматты тандоо, жана аны эрежеге же кабыл алынган бир канча эрежелерге байлоо, андан соң чечим чыгаруу жана жаңы саясий концепцияларды түзүү. Байлоо жараянында үч шартты эсепке алуу зарыл:
а) мурунку же учурдагы абалдардан, позициялардан жана маалыматтардан алыстап окуяны абстракциялабоо,
б) окшош болуп калса эле салыштыруу жүргүзбөө,
в) окуяга карата бардык реакцияларды күзөтүү, аларды талдоо жана байлоодо аларды эсепке алуу.
Ошентип, бул методго негизделген саясий аң-сезимге карата эки нерсени баса белгилөө керек:
1 – Бул эрежелердин жардамында жетишилген көз караш божомол болуп эсептелет, жада калса, бул жолдо көп эмгек жумшалган болсо да жана эң туура пикирлөөнүн ыкмалары колдонулса да, ал көз караш ката болушу мүмкүн.
2 – Баса белгилөө зарыл, саясий талдоо же аң-сезим акылды канааттандырууга жана интеллектуалдык өсүүгө багышталган эмес. Ал саясий күрөшкө киришүүгө, коомго таасир кылууга, түптөн өзгөрүү жараянына даярдоого, малай режимдерди кулатууга, ири державаларды ээрчүүнү жоюуга жана Пайгамбарлык минхажы негизиндеги экинчи рошид Халифалыкты тикелөөгө багышталган.
Мына ушундай жол менен саясий аң-сезимди түптөө ишеничтүү мамлекеттик ишмерлердин пайда болушун жана Ислам Умматы арасында жаңы муунду түзүүнү камсыздайт. Бул жаңы муун Умматты адамдар арасында эң жакшы уммат деген азиздикке алып чыгат.
Роя гезити, 2019-жыл, 20-февраль.