Кыргызстанда Россиянын дагы бир аскерий базасы пайда болушу мүмкүн

348
0

Кыргызстанда Россиянын дагы бир аскерий базасы пайда болушу мүмкүн

Кыргызстандын Россиядагы жаңы элчиси Аликбек Жекшенкулов өлкөнүн түштүгүндө Россияга караштуу экинчи аскерий база ачылышы жөнүндөгү суроого жооп берди. Бул тууралуу ТАСС  кабарлаган.

Анын айтымында, Канттагы авиабаза бүтүндөй Борбор Азиядагы абалды турукташтыруу жаатында маанилүү фактор болуп эсептелет. Расмий Бишкек болсо аны күчөтүү боюнча сунушту колдойт. Ошону менен бир катарда, дагы бир база ачылышы мүмкүн экендигин четке каккан жок.

“Ошондуктан, менин оюмча, бул маселе эки өлкө президенттеринин март айындагы жолугушуусунда талкууланышы мүмкүн”, – деди Жекшенкулов.

Анын белгилешинче, Фергана өрөөнүнүн өзгөчөлүктөрүн да эсепке алыш керек, Кыргызстандын түштүгү анын бир бөлүгү болуп эсептелет. Ал жерде социалдык, экономикалык жана демографиялык мүнөздөгү курч маселелер бар.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here