Алтымыштан ашуун мамлекет Афганистан маселеси боюнча кезектеги жыйынын өткөрдү

433
0

Алтымыштан ашуун мамлекет Афганистан маселеси боюнча кезектеги жыйынын өткөрдү

2019-жылдын 31-январында Өзбекстан президентинин Афганистан боюнча атайын өкүлү Исматулла Иргашев башында турган делегация Афганистан боюнча эл аралык алака тобунун кезектеги жыйынына катышты.

Аталган иш чарага 60тан ашуун мамлекет, анын ичинде АКШ, Россия, Кытай, Германия, Британия, Франция, Түркия, КМШ өлкөлөрү о.э. БУУ, Европа Союзу, НАТО, Азия өнүктүрүү банкы жана Ислам кызматташтык уюмунун өкүлдөрү катышты.

Жыйындын алкагында Өзбекстан делегациясы АКШнын Афганистан боюнча атайын өкүлү Залмай Халилзад жана АКШ мамлекеттик катчысынын Түштүк жана Борбор Азия иштери боюнча жардамчысы Элис Уэллс, Германия өкмөтүнүн Афганистан жана Пакистан боюнча атайын өкүлү Маркус Потсел, Британиянын Афганистан боюнча атайын өкүлүнүн орунбасары Лесли Крейг жана Франция ТИМинин Түштүк Азия департаментинин директору Камил Пети менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрдү.

Өзбекстан Тышкы иштер министрлигинин кабарына таянсак, жолугушуулардын алкагында Афганистандагы кырдаалды тез арада жөнгө салуу иш-аракеттерин координациялоо о.э. биргелешкен социалдык жана экономикалык долбоорлорду ишке ашыруу маселелери талкууланды.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here