Бюджетти тышкы карызсыз кантип толтурууга болот

467
0

بسم الله الرحمن الرحيم

Бюджетти тышкы карызсыз кантип толтурууга болот

121-берене – Адамдардын ар бири үчүн негизги муктаждыктарын толук кандыруу кепилдениши о.э. жогорку керектөөлөрүн мүмкүн болушунча эң жогорку даражада кандыруу мүмкүнчүлүгү камсыздалышы важиб.

149-берене – Мамлекет ар бир жаранды жумуш менен камсыздоо кепилдигин алат.

160-берене – Мамлекет бардык адам үчүн акысыз медициналык кызматты камсыздайт, бирок, дарыгерлерди жалдоого жана дары-дармек ссодасына тыюу салбайт…

Булар бүтүндөй адамзатка рахмат болуп келери күтүлүп жаткан “Халифалык мамлекетинин” мыйзамдарынын айрымдары. Бул сыяктуу мыйзамдар демократиялык мамлекеттерде болбойт. Алар өз жарандарын эмес, өздөрүнүн, банктык эсептерин кантип толтурууну ойлошот. Банктык эсептерине акча түшсө болду, кийин эмне болушу аларды кызыктырбайт.

Чет өлкөлүктөр биздин кен-байлыктарды “мыйзамдуу”  жолдор менен талап-тоношууда. Буга биздеги саткын жетекчилер жардам беришет. Алардын банктык эсептерине милиондогон долларларды жөн эле өткөрүп коюшмак беле. Жетекчилердин кол коюшу менен бүтүндөй бир кенди ташып кетүүгө мүмкүнчүлүк пайда болот. Кол коюлдубу, бүттү. Аны артка кайтаруу мүмкүн эмес. Соттошсо да алар утуп чыгышат. Ушундай жолдор аркылуу байлыктарыбызды, жерлерибизди тапшырып коюшу ашкере болуп калганда бюджетти эмне менен толтурса болот? Кыргызстанда 350-400миңдей бюджетниктер бар, алардан 18 000ден ашыгы мамлекеттик кызматкерлер. Алардын арасында 80 000 – 100 000 сом айлык ала тургандары да бар, көпчүлүгү ачка калышы мүмкүн, себеби, айлыктан тышкары “кирешелери” да, машиналарынын чыгымдары да бюджеттен каржыланчу… Алардын айлыктарын убагында берүү үчүн бюджетти толтурууга кыянаттык менен карыз алуу кооптуу болуп турганда бюджетти кандай жол менен толтурууга болот?

Алар бул маселени элге салык салуу менен чечмекчи болушууда. Аны чырайлуу сөз менен “камсыздандыруу” деп аташууда. Башкача айтканда, үй-жайларыбызга, машиналарыбызга кырсык жетпесин үчүн,ал тургай таксидеги адамдар менен жүктөргө бир нерсе болсо, ордун толтуруу үчүн таксисттер камсыздандыруудан өтүшү керек. “Элге күйгөн” мамлекетибиз муну ар бир үйгө да, машинага да милдеттүү кылмакчы, себеби бизди көчөдө калбасын деп кайгырууда.     

Негизи, эл кыйналып жаткан, жумушсуздук күчөгөн мындай абалда салык салмак тургай, жумушсуздарга жумуш таап берүү, уурулук сыяктуу кылмыштардын жазасына мараторий киргизүү, ал тургай ачка калбаганы үчүн рахмат айтуу керек. Себеби көпчүлүккө жан сактоонун өзү проблема болуп турганда “камсыздандыруу”ну милдеттүү кылуу туурабы? Коопсуздук курун тагынбай жүрсө 1000 сом, жерге түкүрсө 5500 сом… Мындай мыйзамдар себептүү аткаруучу органдар менен элдин ортосундагы уруш-жаңжал күчөйт, уурулар көбөйөт, карапайым калктын алдында кылмыштардан башка чара калбайт. Элдин бардыгы орган кызматкерлерин жек көрүп калат… Макхул(р.а.) риваят кылышынча, Пайгамбарыбыз (с.а.в):

«لا قَطْعَ فَيْ مَجَاعَةِ مُضْطَرٍّ»

«Ачкалыктан айласыз болуп калганда кол кесилбейт», – деген.

Исламда камсыздандыруу арам болуп, бул ишти ыктыярдуу түрдө кылган адамдар күнөөкөр болушат. Ал эми камсыздандырууга мажбурлагандардын – биз тапшырманы аткарып жатабыз дешсе да – динден чыгып калуу коркунучу бар, Аллах сактасын. Булар өз калкын арамга мажбурлап,  аны менен кызматкерлеринин жашоосун арамга чыгаруу үчүн бийликке келиштиби?

«…Сугурта (камсыздандыруу) милдеттенмесин ага салыштыра турган болсок, кепилдикке алуунун дурус болушу жана түзүлүшү үчүн шариятта нусус-хужжаты келген шарттардан сугуртанын куру экендигин көрөбүз. Себеби, биринчиден, анда жоопкерчилик жоопкерчиликке кошулбайт. Сугурта компаниясы сугурта кылдыруучунун малын төлөөдө өз жоопкерчилигин башка бирөөнүн жоопкерчилигине кошпойт. Демек, ал батыл, кепилдикке алуу эсептелбейт. Экинчиден, анда сугурта кылдыруучунун бирер адамга төлөшү керек болгон финансылык милдеттенмеси жок, сугурта компаниясы аны аткарып койгудай. Анткени, сугурта кылдыруучунун бирөөгө төлөшү керек болгон финансылык милдеттенмеси жок. Компания келип аны кепилдикке алып жатканда эч кандай финансылык милдеттенме болбогонунан кийин, компания аткара турган финансылык милдеттенме да болбойт. Ушуга караганда, ал шаръан дурус эмес кепилдикке алуу болот. Үчүнчүдөн, компания төлөөнү өз мойнуна алган нерсенин өзү же баасы, же белгилүү бир өлчөмдөгү мал сугурта бүтүмү убагында кепилдик берилүүчүнүн ошол убакта да, кийинчерээк да башкаларга төлөшү керек болгон милдеттенмеси эмес. Ушул жактан да бул дурус эмес кепилдик. Демек, сугурта компаниясы ошол убакта да, кийинчерээк да төлөнүшү важып болбогон нерсени кепилдикке алып жатат. Бул нерсе да анын батылдыгын көрсөтүп турат. Төртүнчүдөн, сугуртада кепилдикке алынуучу жок. Демек, анда шаръий кепилдин бир негизги элементи т.а. кепилдикке алынуучунун болушу шарты жетишпейт. Анткени, кепилдикке алууда кепилдикке алуучу да, кепилдикке алынуучу да, кепилдик берилүүчү да болушу шарт. Сугурта бүтүмүндө кепилдикке алынуучу болбогондон кийин, ал шаръан батыл. Бешинчиден, сугурта компаниясы зыянга учураган нерсенин өзүн же акчасын төлөө, же белгилүү бир өлчөмдө мал берүү милдеттенмесин алганда, бул ишти белгилүү бир өлчөмдөгү каражат эвазына кылат. Кепилдикке алуу дурус болушунун бир шарты болсо, анын эвазсыз болушу. Ушул жактан сугурта батыл кепилдик болот.

Ушулардан көрүнүп тургандай, сугурта келишиминде кепилдиктин түзүлүшү жана дурус болушуна тийиштүү шарият нусустарында келген шарттар табылбаганы себептүү, компания берген келишим хужжаттары да, андагы нерсенин өзүн, баасын же белгилүү бир өлчөмдө акча төлөөлөрү да, сугуртанын өзү да шаръан бүтүндөй батыл.

Ушуга негизделип, өмүрдү болобу, товарды болобу, мүлктү болобу, башканы болобу, сугурта кылдыруунун бардык түрү шаръан арам. Анткени, анын бүтүмү шаръан батыл. Сугурта компаниясынын бүтүм талабы менен бере турган ахды да шаръан батыл. Ушуга караганда, ушул бүтүм жана ушул ахд аркылуу алынган мал нашаръий жол менен табылган киреше эсептелип, аны жеш арам» (“Исламдагы экономикалык түзүм” китебинен алынды).

Абу Зар.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here