Кытай баскынчылыгына каршы стратегия долбоору

451
0

Кытай баскынчылыгына каршы стратегия долбоору

Негиздери;

Күбө болуп жатканыбыздай, Кыргызстан калкы Кытай баскынчылыгына каршы туйгулары бирдей экендигин көрсөттү. Албетте, бул туйгулар учурда жүз берип жаткан айрым акыйкаттардан келип чыкты. Мисалы, Кытайдын Кыргызстанды карызга батырышы, Кытай инвесторлорунун көбөйүшү, мамлекетте кытайлардын көбөйүшү, Кытай жарандарынын Кыргызстан жарандарына зомбулук кылышы, кытайлыктардын Кыргызстан жарандыгын алышы жана башкалар. Мындай көрүнүштөр кыргызстандыктарды ачуулантып, айрым жарандар кээ бир абалдарда күч колдонууга чейин жетип барышты. А бирок, бул иштердин бардыгы туйгуларга негизделген жана тартип-эрежесиз аракеттер болуп, жеке адамдар же айрым жамааттар тарабынан эч кандай стратегиясыз ишке ашырылууда.

Ошондуктан, Кытай баскынчылыгына каршы күрөштө бийлик эл тарапта болушу керек жана бул жаатта стратегия иштеп чыгышы шарт.

Ушул негизде, кыргыз бийлигине жана Кыргызстан калкына төмөнкү стратегия долбоорун сунуштайбыз.

Эскертме: Долбоордо зарыл негиздер гана келтирилди. Башка тафсилаттары долбоордон келип чыгуучу эреже жана ыкмаларга калат.

Эл аралык стратегияга кайрылуу

Кайсы бир саясий окуяга назар салууда, алгач эл аралык стратегияга кайрылуу керек. Эл аралык стратегияга көз салсак, учурда Орто Азияда, анын ичинде Кыргызстанда да, үч держава колонизатордукта атаандашып жатканына күбө болобуз. Алар, Орто Азияга карата жаңы колонизатор – АКШ, эски колонизатор – Россия жана өз аймагын кеңейтүү стратегиясын кабыл алган Кытай мамлекеттери.

Эл аралык стратегия жаатында алгач дүйнөдөгү биринчи мамлекеттин стратегиясына көз жүгүртүү керек.

Учурда АКШ дүйнөдөгү биринчи мамлекет. Советтер Союзу кулаган соң, Америка Россияга карата анын колонияларын саясий жолдор аркылуу тартып стратегиясын белгилеген. Ошол себептен улам, Россиянын Орто Азиядагы таасир кубатын сындыруу үчүн Кытайды бул аймакка экономикалык жактан кирип келүүгө кызыктырып келген. Мисалы, 1999-жылы АКШ “Жибек жолу” долбоорун иштеп чыкты. Бул нерсе, Кытайдын Россия колониялары тарапка кеңейүүсү АКШ менен макулдашылган иш экендигин түшүндүрөт. Бирок, Кытайдын экономикалык жана саясий дымагы күчөп, 2010-жылы “Бир алкак – бир жол” долбоорун иштеп чыкты. Бул болсо, Кытай АКШнын долбоору алкагынан чыгып кетишин түшүндүрөт эле. Ошондон кийин, Америка Кытайды биринчи атаандаш деп билди жана ага каршы стратегия кабыл алды. Демек, учурда Америка Кытайдын Орто Азия тарапка кеңейишине жол бербестикке аракет кылып жатат.

Россия болсо колонизатордук доорунан бери Орто Азияны өз чеңгелинде кармап келет. Советтер Союзу кулаган соң таасири алсыраганына карабастан, ал жерде дагы деле колонизатор бойдон турат. Россия Батыштык атаандаштары каршысында Кытай менен өнөктөш болууга мажбур болууда. Ошондуктан да Кытайдын Орто Азияга экономикалык жактан кирип келишине түздөн-түз каршылык кыла албай жатат.

Кытай “Бир алкак – бир жол” долбоорун кабыл алып, 2013-жылдан бери аны ишке ашырууга киришти. Коммунисттердин 2017-жылдагы съездинде Си Цзиньпин: “Кытай учурда дүйнөдө жетекчи күчкө айланды жана ал адамзат тарыхында маанилүү рол ойнойт”, – деди… О.э. “өнүгүүнүн Кытайча модели өнүгүп жаткан мамлекеттерге жаңы тандоо мүмкүнчүлүгүн берет ” деди. Бул болсо, Кытай жаңы колонияларга ээ болууда башка колонизаторлор менен атаандаша баштайт деген маанини түшүндүрөт.

Ошентип, Кытай өзүнө караштуу аймактан тышкарыга кеңейүү стратегиясын кабыл алды.

Кыргызстандын көзкарандылык негиздери

1. Россия-Кыргызстан:

Саясий тараптан, Кыргызстан жетекчилери Россиянын уруксаты менен бийликке келишет. Тышкы мамилелер Россиянын тышкы саясатынын алкагында ишке ашырылат. Россиянын, ал тургай, ички иштерибизге да аралашуусуна эч кандай тоскоолдук жок. Экономикалык тараптан, Кыргызстандын тышкы соодасындагы Россиянын үлүшү 23%. Аскерий жактан, Кыргызстанда Россиянын төрт аскерий объектин бириктирген аскерий базасы бар. О.э. Кыргызстанды курал-жарак менен да Россия камсыздайт.

2. АКШ-Кыргызстан:

Саясий тараптан, Кыргызстанда жетекчилер дайындалышына АКШ түздөн-түз таасир өткөрбөйт. А бирок, саясий элитада жана өкмөттүк кызматтарда анын кадрлары көбөйүп барууда. О.э. ага караштуу маалымат каражаттары жана мамлекеттик эмес уюмдар  элге таасир өткөрө ала турган деңгээлге чыккан. Экономикалык тараптан, араб мамлекеттери жана Түркиянын кирип келиши аркылуу кыйыр түрдө таасирге ээ болуу ыкмасын ишке салган.

3. Кытай-Кыргызстан:

Кытайдын Кыргызстанга саясий тараптан таасири жок. А бирок, саясатчыларды акчасы менен өзүнө тартып келет. Экономикалык тараптан, Кытай Кыргызстандын тышкы соодасында биринчи орунда (32%) турат. Учурда Кыргызстандагы тышкарыдан келген инвестициялардын 40%ы Кытайга тийиштүү. Кыргызстандын Кытайга карызы $1.7млрд (тышкы карыздын 42%ы).

Кытай колонизаторлугунун максаты башка колонизаторлордукунан айырмаланат. Башка колонизаторлорго сырьё, арзан жумушчу күчү жана базар керек. Кытайда арзан жумушчу күчү жетиштүү. О.э. учурда Кытай биздин сырьёлорду ташып, базарларыбызды ээлеп жатканы менен, а бирок анын негизги максаты – жер басып алуу. Себеби, басып алгандан кийин бардыгы анын мүлкүнө айланат. Ошондо өзүнүн ашыкча калкын алып келет жана аларды биздин жерибизге жайгаштырат. Мындай көрүнүшкө, Кытай бүгүнкү күндө мусулмандарга карата колдонуп жаткан саясатта күбө болуп жатабыз. БУУнун отчётуна ылайык, учурда Кытай лагерлеринде жаткан адамдардын саны миллиондон ашат. Демек, Кытай Кыргызстандын жумушка жарактуу жарандарын бир гана лагерге батыра алат жана алар бекер иштеп бере турган кулдарга айланышат о.э. жерлерибиз Кытайлардын менчигине айланат. Аллах сактасын.

Элден талап кылынуучу саясий аракеттер

1) Мамлекет канчалык алсыз болбосун – ырасында мамлекет болуп эсептелген соң – анын бийлиги болот. Бул бийлик башка тарапка канчалык көзкаранды болбосун, баары бир өз калкынын колдоосуна таянат. Себеби, эл болбосо, эч кандай бийлик да болбойт. Ошондуктан, калк өзү мамлекет үчүн канчалык маанилүү экенин түшүнүшү керек жана акы-укуктарын талап кылышы зарыл. Бул маселе т.а. кытайлыктарга көзкаранды болуу же болбостук маселеси – жалпы элдик маселе. Эгерде, калк бул маселени ушундай түшүнбөсө, анда эртең алардын ар бири Кытайга кул болот. Ошондуктан, бул жаатта калк бийликти катуу мухасаба (тергеп-тескеши) кылышы керек. Себеби, мунун натыйжасында бийлик отчёт бере турган болушу керек.

2) Кытай баскынчылыгын айрым окуялар себептүү сезип жатканыбызга карабастан,  бул жетиштүү эмес. Биз бул коркунучту пикирий жактан түшүнүп жетишибиз зарыл. Ал үчүн бийликтен Кытай менен Кыргызстандын ортосундагы келишимдерди ачыкка чыгарууну талап кылышыбыз керек. Бул жаатта “мамлекеттик сыр” деген шылтоо жарабайт. Кулчулукка алып бара турган “мамлекеттик сырдын” бизге кереги жок. Бийликтеги адамдардын арасынан эл тарапка өтүп, келишимдерди ачыктай турган азаматтар чыгат, инша Аллах. Себеби, алар да биздин балдарыбыз. Бир кездерде алар бул келишимдерди элге пайдалуу деп эсептеген болушу мүмкүн, а бирок, анын зыяны көрүнгөн соң, ал азаматтар элдин кызыкчылыгына кызмат кылуу жолуна кайтышат. Кимде-ким ушундан кийин да баскынчылыкка каршы күрөшкө, келишимдердин ашкере кылынышына каршы чыкса, анда алар саткындар болуп эсептелишет. О.э. мындай келишимдердин кесепетинен кабардар интеллигенттер бар. Алардан да шектүү келишимдерди ачыктап берүүнү талап кылуу керек. Келишимдердин пайдалуу жактарын гана көрсөтүү, же болбосо, кээ бир келишимдерди гана ашкере кылуу жарабайт, тескерисинче, бардыгын ашкере кылуу керек. Себеби, алар жерибиз жана калкыбыз үстүнөн чыгарылган өкүмдөр. Мына ушундай ашкере кылуулардан кийин, бизди кандай коркунуч, качан жана кандай көрүнүштө күтүп жатканын анык биле  алабыз. Мына ошондон кийин гана бул баскынчылыктан кутулуу пландарын жана чараларын анык иштеп чыгуу мүмкүнчүлүгү пайда болот.

Демек, бийлик келишимдерди ашкере кылып, алардан чыгып кетүү, аларды зыянсыздандыруу жолдорун көрсөтсүн. Эгерде бийлик мындай кылбаса, калк андан талап кылсын.

3) Башка колонизаторлордун кызыкчылыктарына кызмат кылып калуудан сактануу керек.

а) Америка Кытайга каршы элдин каарын козгоого жан үрөп аракет кылууда, а бирок, муну жашыруун ишке ашырууда. Бул жолдо өзүнө караштуу маалымат каражаттарын, интернет троллдорун ишке салууда. Алар калкты туйгуландырууга басым жасашууда. Элдин сабыры түгөнгөн күнү АКШ дагы башка ыкмаларын ишке салып, өлкөдө башаламандык пайда кылууга киришет. Мындай туруксуздук Кытайдын кирип келишине албетте тоскоолдук кылат. Бирок, бул нерсе элибизди өтө чоң кыйынчылыктарга дуушар кылат. Бирок, ал нерсе Американы ойлондурбайт, ал эч кандай жоопкерчиликти мойнуна албайт.

б) Россия да Кытайдын кирип келишине каршы, а бирок, ал да кыйыр түрдө каршылык көрсөтөт. Буга 2016-жылдагы Казакстан окуясы жаркын мисал болот. Ошол кезде казак бийлигинин кытайларга жер бериши Казакстан калкынын каарын козгогон. Россия учурдан пайдаланып, өзүнө караштуу адамдарды көтөрдү. Казак бийлиги элдин нааразылыгын бастырып, акыры элдин назарын “террористтер”ге буруп жиберди. Бул аркылуу нааразылык акциясына чыккан элди коркутуп, калгандарын чалгытып койду. А бирок, Россиянын көздөгөнү ишке ашып, казак бийлиги кытайларга жер берүүгө мораторий киргизүү менен артка чегинди. Кытайдын кирип келиши, убактылуу болсо да, кийинкиге калтырылгандай болду. А бирок, ал тымызын уланууда. Натыйжада, зыян тарткандар казак жарандары болуп калды.

Ушул себептен улам, күч же курал колдонууга чакыруучу тараптардан, башаламандыкка алып баруучу аракеттерден алыс болуу керек. Ошондуктан, Кытайга каршы турууга чакыруучу кайсы тарап болбосун, алардан келечекти анык көрсөтө ала турган долбоор талап кылуу керек. Себеби, алар долбоор көрсөтүшсүн, же болбосо, татыктуу долбоорго келип кошулушсун.

в) Провокациялар Кытайга малайлык кылып жаткан бийлик өкүлдөрү тараптан да болушу мүмкүн. Себеби, алар ошону шылтоолоп калкты бастырышат. Буга Кытай кызыкдар.

г) Күрөш жалаң гана саясий иштер менен болушу керек (билдирүүлөр, конференциялар, тынчтык митингдери, комитет-комиссияларды түзүү, жолугушууларды уюштуруу ж.б.у.с…). Бийлик – бул биздин өкүлүбүз. Кытайга каршы саясатты калк өзү жүргүзө албайт. Аны бийлик аркылуу гана ишке ашыра алат. Ошондуктан, саясий иштердин багыты бийликке каратылат. Ошол эле учурда, саясий иштер бийлик менен калктын арасын ажырата турган эмес, тескерисинче эл менен бийликти бириктире турган, аларды биргеликте Кытайга каршы багыттай турган иштер болушу зарыл. Талкуулар хикматтуу (далилге таянган абалда) жана акааратсыз болушу керек. Эгер бийлик элге карата күч колдонсо, бул балээ болот. Себеби, бардык колонизаторлор ушул нерсени күтүп турушат. Алар элди бийликке тукуруп коюп, алсыраган мамлекетте өз билгенин кыла башташат. Ошондуктан, бийликтин элге карата күч колдонушуна саясий иштер аркылуу тоскоолдук кылуу керек. Мисалы, учурда кээ бир бийлик өкүлдөрү – келишимдердеги милдеттенмеге ылайык – Кытайдын кызыкчылыктарын коргой башташты. Президент баш болгон интеллигенттер Кытайдын колонизатор эместигин далилдеп берүүнүн ордуна (негизи, эч качан далилдей алышпайт), ишенип болбой турган шылтоолор менен Кытай колонизатордугун актоого аракет кыла башташты.

Ушундай учурда, аларга өз элине кыянат кылып жатканын сабырдуулук менен, саясий иштер аркылуу жеткирүү керек.

Демек, бийлик өз калкына каршы иш алып барбашы керек жана өз элин колонизаторлордун айла-амалдарынан коргошу керек. Калк муну катуу туруп талап кылышы керек.

Саясий аң-сезим

1. Саясий аң-сезим – бул бүт дүйнөгө белгилүү бир чекиттен туруп кароо. Мусулмандар дүйнөгө, андагы окуяларга бир гана Ислам акыйдасынан туруп карашы керек. Исламга ылайык, колонизаторлуктун ар кандай көрүнүшүнө каршы күрөшүү важиб. Колонизаторлуктан коргой турган Исламий мамлекетибиз жок учурда, колонизаторлор саясий-экономикалык жолдор аркылуу аркылуу кирип келе жаткан болсо, мындай абалда аларга каршы саясий күрөш алып барышыбыз фарз. Ошондуктан, мусулмандар исламий саясий аң-сезимге ээ болушу үчүн, нукура Исламыбызды тездик менен үйрөнүүгө аракет кылышы керек. Негизи, мусулман жарандарыбыздын өз Исламын үйрөнүүгө умтулуусу күчтүү. А бирок, колонизатор кафирлер жана алардын малайлары ага каршы ар кандай тосмолорду коюшкан. Мына ошондуктан, калкыбыз ошол тосмолорду бузуп өтүшү керек.

Демек, бийлик Исламды үйрөнүп-үйрөтүү иштерин жолго койсун о.э. даъватчылар менен элдин ортосундагы тосмолорду алып таштасын. Мындай кылбаса, калк алардан талап кылсын.

2. Мусулмандар үчүн бул күрөш улутчулдук же мекенчилдик ураандарына негизделиши жайиз эмес. Ооба, адамдар арасында ушундай туйгулар жана алардан келип чыгуучу пикирлер бар, а бирок, күрөш мындай туйгуларга негизделбеши керек. Себеби, Ислам аларды арам кылган. О.э. мындай нерселер күрөшкө негиз боло албастыгы турмушта ачык-айкын көрүнүп турат. Мындай ураандар Кытай баскынчылыгынан кутулууда зарыл болгон чараларды толук белгилеп бере албайт.

Демек, бийлик элди чалгытуучу пикирлер менен адаштырбасын жана күрөш үчүн Исламий көз карашты негиз кылып алсын. Бийлик буга каршы болсо, же кайдыгер болсо, калк андан талап кылышы керек.

3. О.э. күрөш демократия пардасы артындагы капитализмге негизделбеши керек.

Биринчиден, бүгүнкү колонизатордук көрүнүштөрүнүн бардыгы ушул капитализмдин “жемиши” болуп эсептелет. Капитализмди дүйнөгө өкүмдар кылуунун тарыйкаты – колонизатордук. Мына ушул колонизатордук себептүү биз державалар ортосунда талашка түшүп отурабыз.

Демек, бийлик капитализмдин чыныгы жүзүн жашырбасын жана күрөшкө аны негиз кылып албасын.

Зарыл чаралар – өзгөчө кырдаалга чечимдер

1. Мамлекет ичиндеги мамилелерге тиешелүү чаралар

1) “Эгемендүүлүк” доорунан бери Кыргызстандын жашоосу Кытайга бир топ байланып калды. Буга жетекчилерибиздин сокурдук саясаты себеп болду. Эми, Кытайга каршы жүргүзгөн саясатыбыз Кытай менен мамиле курчушуна алып барат. Бул нерсе албетте элдин жашоосуна таасирин тийгизет. Мына ошондо калк мындай абалдарга даяр болушу керек. Кыйынчылыктарга сабыр кылышы керек. Себеби, мунун акысына кулчулуктан кутулууну сатып алышат. Мисалы, учурда жетекчилерибиз эл менен бириксе жана Кытайга каршы күрөшту колдоп чыгышса, албетте жашообузда кыйынчылыктар болот. Ошол кезде эл бийликти айыптап чыгышы мүмкүн. Балким, ошондуктан да айрым жетекчилер бул саясаттын алдына түшпөй жатышкандыр. Балким, алар элге ишенбей жатышкандыр. Ошондуктан, бийлик эл менен бирге ар кандай кыйынчылыктарга даяр болушу керек.

2) Кытай менен мамиленин курчушунан пайда боло турган кыйынчылыктардын бири соода тармагында жүз берет. Себеби, импорттук товарлардын көпчүлүгү Кытайдан келет (38%). О.э. Кытай инвестициясы токтошу себептүү да кыйынчылыктар жүз берет. Мисалы, жумушсуздук сыяктуу. А бирок, бул кыйынчылыктардан коркуп, Кытай баскынчылыгына каршы чыкпай коюуга болбойт. Күрөштө күтүлө турган ар кандай кыйынчылыктарды өзүбүздөгү жакшылыктар менен жеңип өтүшүбүз керек. Ошондуктан, биз пайдапарас капитализмдеги атасы баласына карабай турган эгоизмди таштап, Ислам буйруган мээримдүлүктү калыптандырышыз зарыл. Алгач бай адамдар зекетти толук бериши фарз. Андан кийин, өздөрүнүн негизги муктаждыктары кандырылышына канаат кылып, калган байлыктарын башка кайрымдуулук иштерине жумшоосу зарыл. Алар бул аркылуу дүйнө жана акырет азиздигине жетишет. Эгер андай кылышпаса, Кытай басып алгандан кийин баарыбир алардын байлыктарын тартып алышат. Бул жеке адамдарга тийиштүү сөз.

Мамлекет болсо байлык капиталисттердин колунда топтолуп кала турган абалдарды жоюп, бардык жарандардын негизги муктаждыктары кандырыла турган саясат жүргүзүшү керек.

3) Мамлекеттеги байлар алгач өнөржайга инвестиция жаткырышы керек. Анткени, Кыргызстан калкы өнөржай жетишсиздигинен кыйналып келет. Жөнөкөй эле мисал, ушул күнгө чейин Кытайдан эт азыктары импорт кылынууда. Мисалы, 2017-жылы Кытайдан эң көп акчага эт азыктары импорт кылынган (7 000 000 доллар). А бирок, 2018-жылы бул импортко тыюу салынган, себеби өзүбүздө эт өндүрүү жогорулап кетти (бир жылда 140 миң тоннага көбөйдү).

4) Кытайдан алган карыздарыбыздын көбү паракорлордун чөнтөгүнө кирип кеткен. О.э. айрым чиновниктер келишимдерге кол коюу үчүн кытайлардан пара алуу менен байышкан. Алар бул акчаларды ыктыярдуу көрүнүштө тапшырышы керек. Антпесе, калк алардан мажбурлап алып коюуга кудуреттүү. Кайтарылган каражаттар Кытайдын карызын төлөөгө жумшалат (о.э. карызды эсептешүү учурунда кредиттерди иштетүүдө Кытайдын ишканалары кайра өздөрү алып койгон каражаттар да эсепке алынышы шарт).

5) Кээ бир байларыбыз Советтер Союзунан калган байлыкты ээлеп алуу менен байып кетишкен. Негизи, ал байлыктар элдики болчу, а бирок, капитализм себептүү бир ууч адамдардын колуна өтүп кеткен. Муну ошол байлардын өздөрү сезип, элге өткөрүп бериши керек. Антпесе, эл мажбурий “сездирип” коюшу мүмкүн.

6) Булардан тышкары, өзүнүн адал мээнети менен байыган адамдар да бар. Алардын айрымдары чет өлкөлөргө инвестиция жаткырып жүрүшөт. Аларды өлкөгө кайтып келүүгө жана өнөржайды тикелөөгө шыктандыруу керек.

2. Тышкы мамилелерге тиешелүү чаралар;

1) Кошуна мусулман өлкөлөрдөгү боордошторубузга Кытай Кыргызстанды эле эмес, бүтүндөй Орто Азияны басып алууга киришкенин түшүндүрүшүбүз зарыл. Алар мунун түшүнүшсө, акимдеринен чек араларды ачып коюуну талап кылышат. Мусулмандар ортосуна тартылган чек аралар ачылышы менен жашоодогу көптөгөн кыйынчылыктар чечилип кетет. Эгерде мусулман боордошторубуз улутчулдук же мекенчилдик азгырыгына алдырышса, эртең эле алар да кытайларга кул болушат.

2) Алыстагы мусулман боордошторго кайрылуу;

Түркиядан, араб өлкөлөрүнөн жана башка мусулман мамлекеттеринен карыз алуу керек. Өнөржай товарлары келишине шарттар түзүлүшү зарыл. Алардын айрымдары бүгүнкү күндө да инвесторлук кылып, соода кылып жатышат. Жалпысынан эл аралык саясаттан алганда, Америка алар аркылуу да кирип келмекчи. Айрыкча, алардын байлары байлыктарын дагы да көбөйтүү үчүн ишкердик кылып жатышат. Эгерде ушундай оор кезде алардын акимдери жардам берүүдөн баш тартышса, анда бүтүндөй мусулмандарга кайрылышыбыз керек, ошондо ал боордошторубуз акимдеринен жардам берүүнү талап кылышат.

Демек, мамлекеттин бул жаатта программасы болушу керек.

Бул чечимдер – ошол кездеги өзгөчө кырдаалдан алып чыгуучу чечимдер.

Түпкү чечим

1. Кытай колонизатордугунан кутулуунун түпкү чечимин эл аралык уюмдардан күтүүгө болбойт. Себеби, эл аралык уюмдар ушул колонизатор державалардын өкүмдарлыгын камсыздоо үчүн түзүлгөн. Мисалы, БУУ Кытайдын уйгур жана башка улуттагы мусулмандарга карата зулумдарына кандай чара колдонду? Эч кандай чара көрбөдү, себеби, Кытай БУУнун Коопсуздук Кеңешинин туруктуу мүчөсү!

2. Америкага таянуу да кутулушубуз үчүн түпкү чечим боло албайт. Себеби, ал да Кытай сыяктуу эле колонизатор. Анын Афганистан, Иракта эмнелерди кылганын көзүбүз менен көрдүк.

3. Россияга таянуу да түпкү чечим эмес. Себеби, анын өзү да Орто Азиянын эски колонизатору болуп эсептелет. Мындан тышкары, ал Кытай каршысында алсырап барууда. Кытай менен болгон мамилесиндеги кызыкчылыктар себептүү, ал Кытайга Кыргызстанды ачып койду. ЕАЭБ аркылуу экономикалык тараптан, ЖККУ аркылуу аскерий тараптан тоскоолдук кылууга тымызын аракет кылышына карабастан, Кытай ДСУ, ШКУ жана башка жолдор менен кирип болгон. Анын үстүнө, Россия Кыргызстанга өз мүлкү сыяктуу карайт. Эгерде эртеңки күнү кандайдыр кызыкчылык талап кылып калса, Кыргызстанды Кытайга берип жибериши анык.

4. Башында иш эмне менен оңдолгон болсо – бузулгандан кийин да – дагы кайра ошону менен оңдолот. Набий саллаллаху алайхи ва саллам пайгамбар болуп келгенде, арабдар урууларга бөлүнгөн калк эле. Ал кезде Византия биринчи мамлекет болуп, аны менен Перс империясы атаандашат эле. Арабдар аларга көзкаранды болушкан. Расул с.а.в. Мадинада Исламий Мамлекетти тикеледи. Андан кийинки халифалары Исламды даъват жана жихад жолу менен жайып, Перс империясын кулатышты, Византия жерлерин фатх кылышты. Максат, элдерди кул кылуу эмес, тескерисинче аларды жахилият караңгылыгынан Ыйман нуруна, залимдер зулумунан Ислам адилеттүүлүгүнө алып чыгуу болчу. Кийин ар түрдүү улуттагы калктар Исламды кабыл алышты, алар да Исламы менен азиз болушту.

Мусулмандар мамлекетте Исламды жакшы колдонушкан учурда азиз болушту. Натыйжада, батышта  Испанияга чейинки, чыгышта Индонезияга чейинки жерлер исламий диярларга айланды. Мусулмандар Исламды бузуп колдоно башташканда болсо, кордукка дуушар болушту (крестүүлүк жүрүштөрү, монголдор баскынчылыгы сыяктуу).

Андан кийинки усманийлер Исламды жакшы колдонушкан учурда Константинопол фатх кылынды, андан өтүп Австрияга чейин жетип барышты. Исламды бузуп колдонушканда болсо, Батыш державалары аны басып алды. Мусулмандар майда-майда мамлекетчелерге бөлүнүп, колонияларга айланышты.

Демек, мусулмандардын иши – аларды коргоочу калкан – Исламий мамлекетти тикелөө менен чечилет. Дүйнөдөгү бир жарым миллиард мусулманды бириктирүүчү бул мамлекет – империалист державалардын зулумун жоготуп – дүйнөгө акыйкат жана адилеттүүлүктү жаят.

Хизбут-Тахрир – Кыргызстан

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here