Мусулмандар монголдордон эмнеге жеңилип, кайра кантип жеңди

401
0

Мусулмандар монголдордон эмнеге жеңилип, кайра кантип жеңди

(Шарият амал кылуу үчүн, тарых сабак алуу үчүн үйрөнүлөт)

Ортоңку орто кылымдарда Орто Азиядагы вилаяттар Халифалыктан өз алдынча болуп алышты. Саманийлер, Сельжукийлер, Хорезмшах, Газневийлер, Караханийлер болуп бөлүнүп алып, өз ара согушушту. Бул ички согуштарда Саманийлер жоюлуп кетти. Калгандары ички чыр-чатактарын улантышты.

алар Аллах Тааланын:

إِنَّمَا الْمُؤْمِنُونَ إِخْوَةٌ فَأَصْلِحُوا بَيْنَ أَخَوَيْكُمْ

– «Чындыгында момундар бир туугандар! Ошондуктан, бири-бириңердин ортоңорду оңдогула»

– деген аятына амал кылышпады.

Ички согуштардан улам алсырап кеткендиктен, Караханийлер монголдордон качып келген наймандардан эле кулап калышты. Аларга башка мусулмандар жардамга келбеди. Аллах Тааланын:

وَإِنْ اسْتَنصَرُوكُمْ فِي الدِّينِ فَعَلَيْكُمْ النَّصْرُ

«Эгер алар дин жолунда силерден жардам сурашса, жардам кылуу силердин мойнуңарда»

– деген өкүмүнө моюн сунушпады.

Кийин монголдор бастырып келгенде, калган мамлекетчелердин бири да жапырыкка туруштук бере алышпады. Баарын бир-бирден басып алды. 1258-жылы Хулагу колбашчылыгындагы монголдор борбор Багдадга жетип барышты.

Хулагу халифтин биринчи вазирин дүйнө маталары менен азгыра алды. Ибн Алкамий монголдордун Багдадды басып алышына шарттар жаратып берди.

Акыбетте, Ибн Алкамий Расулуллах A айткан саткындардан болуп калды:

«لِكُلِّ غَادِرٍ لِوَاءً يَوْمَ الْقِيَامَةِ يُرْفَعُ لَهُ بِقَدْرِ غَدْرِهِ وَلاَ غَادِرَ أَعْظَمُ غَدْرًا مِنْ أَمِيرِ عَامَّةٍ»

«Ар бир кыянатчы үчүн Кыямат күнү бир байрак болот, ал анын кыянатына карап көтөрүлөт. Эсиңерде болсун, элдин (саткын) амиринен өткөн саткын жок».

Ошол кезде Багдад дүйнөдөгү эң чоң шаар эле. Анын үч миллион калкы болгон. Калкынын жашоо турмушу абдан жакшы эле. Халиф баш болгон калк андан да жакшы жашоону эңсеп, дүйнө маталарына жетишүүдө атаандашышчу. Бирок, динине кайдыгер болуп калышкан. Аларда башка мусулмандар жаатында кайгыруу да болбогон. Монголдор Орто Азиядагы мусулмандарды кырып жатканда, алар тууралуу ойлонуп да коюшпаган.

Мына эми монголдор буларга да келип жетти. Багдад кулады, миллионго жакын мусулман кырып ташталды, алардын катарында халиф Муътасим да өлтүрүлдү, мусулмандар тарыхта биринчи жолу халифасыз калды.

Мусулмандардын мындайча жеңилиш себебин – Хулагунун кызы менен бир аалымыбыздын маеги – даана көрсөтүп турат.

Хулагунун кызы сурады:

-Силер Аллахка ыйман келтиргендерден эмессиңерби,туурабы?
-Ооба.
-Аллах каалаганына гана жардам берет деп айтып жүрөсүңөр да ,туурабы?
-Ооба.
-Аллах бизге силерди жеңүүгө жардам берди,туурабы?
-Ооба.
-Бул жеңиш -Кудай астында силерге караганда биз сүйүктүү экендигибизди далилдейт эмеспи,туурабы?

-Жок.
-Эмнеге?

Аалымыбыз кайра андан сурады:
-Сен кой кайтарган чабандарды билесиң да?
-Ооба.
-Кой кайтарган учурда алардын иттери болобу?
– Ооба, болот.
-Койлор баш ийбей, ээсинин сөзүн укпай, ар тарапка чачырай баштаганда койчу эмне кылат?
– Аларды кайра баш ийдириш үчүн иттерин айдактайт.
-Ал иттер качанга чейин койлорду кууйт?
-Алар качан бир короого топтолмоюнча.

Ошондо аалымыбыз айтты:
-Силер да Жараткан Аллахтын жер бетиндеги иттерисиңер. Эми качан мусулмандар Аллахтын жолуна түшүп баш иймейинче, силер артыбыздан түшүп, ынтымакка келмейинибизче кууп жүрө бересиңер.

Ошентип, монголдор койдой чачыраган мусулмандар артынан түшүп, Шамга чейин барды. Кезек Мисирге жетип келди.

Ал кезде Мисир султаны Сайфуддин Кутз эле. Анын жанында Изз ибн Абдуссалам деген аалым болгон. Монголдордун көп өлкөлөрүбүздү басып алуулары Кинана калкына көп кыйынчылыктарды алып келген болчу. Арып-ачкан мискиндер аябай көбөйгөн. Мунун тушунда, монголдорго каршы күрөшүү үчүн үлкөн каражат да зарыл эле. Ошондуктан, калкка салык салмай пикири туулду. Бирок фазилаттуу аалымыбыз буга жол берген жок. Ал жалпы элге салык салуунун арам экендиги тууралуу фатва чыгарды. Акыбетте, байтулмалда жетишпесе, каражат амирлерден, соодагер жана байлардан алына турган болду. Муну Изз ибн Абдуссалам эл алдында ишке ашырды: “Эй Сайфуддин, салыкты өзүңдөн башта, байлыгыңды ортого ташта”, – деди. Султан бар байлыгын ортого таштады. Андан кийин башка амирлер, андан кийин башка байлар… акыбетте Мисирде бир да бай адам калбады. Андан кийин бардык адамдар ыхтыярдуу түрдө күндөлүк зарылдыктарынан сырткаркы бардык буюмдарын ортого ташташты. Аялдар сөйкө-билерик сыяктуу тагынчактарынан эч нерсе калтырбай тапшырышты. Байтулмалга топтолгон каражат жалпы элдин негизги мухтаждыктарын кандырууга, согушка кире турган күчтүү кошуунду каржылоого жетти.

Ошентип Султан Кутз исламий кошуунду баштап, монголдор жолун тороп чыкты. 1260-жылы, 3-сентябрда, Фаластиндеги Айни Жалут жергесинде тагдыр чечүүчү согуш башталды. Согуш жүрүшүндө мусулмандар кошууну алсырай түштү. Муну көргөн Султан Кутз – аскерлери аны таанышы үчүн туулгасын ыргытып салып – “Ислам үчүн! Ислам үчүн!” деп ураан чакырып, өзү согушка кирди. Мындан кубат алган Ислам кошууну жаңы казатка киргендей кайрат менен салгылашып башташты. Натыйжада монголдор кошуунунун таш-талканын чыгарды.

Бул согуш тарыхта монголдор жапырыгын токтоткон чекит болду. Мисирликтердин монголдор үстүнөн жеңишке жетишинин негизи себеби – динине жабышуулары эле. Муну менен Ислам дүйнөкарашы, салтанаты сакталып калды. Бу мисирлик мусулмандар үчүн Аллах Тааланын тартуулаган сыйлыгы болду.

Аллах Таала айтат:

وَيَوْمَئِذٍ يَفْرَحُ الْمُؤْمِنُونَ بِنَصْرِ اللَّهِ يَنصُرُ مَنْ يَشَاءُ وَهُوَ الْعَزِيزُ الرَّحِيمُ

«Ошол күндө момундар Аллах үстөм кылганы себептүү шаттанышат. (Аллах)каалаган кишисине нусрат берет жана Ал кудурет жана ырайым Ээси»

Абдун-Наср

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here