Лукашенко Россияны коркутту
Эгерде Россия нефть баасына байланыштуу компенсация төлөөгө макул болбосо, Батыштагы жападан-жалгыз өнөктөшүн жоготуп алышы мүмкүн. Белорусиянын президенти Александр Лукашенко 10-январда өкмөт өкүлдөрү менен жыйын өткөрүп жатып ушундай деди. Бул тууралуу “ТАСС” кабарлады.
Лукашенконун белгилешинче, бул маселеде Россия менен келишимдер жоктугу мамлекет үчүн катастрофа болбойт.
Лукашенко: “Россиянын жетекчилиги бул жолду, батыштагы жападан-жалгыз өнөктөшүн жоготуп алуу жолун тандаса , тандасын. Бул алардын эрки, Биз аларды мажбурлай албайбыз да”, – деген.
Ал өкмөттү Россиянын нефть баасын көтөрүшүнө байланыштуу пайда болгон бюджеттеги жоготууларды жабуу үчүн башка “ишенимдүү булактарды” табууга милдеттендирди. Лукашенконун билдиришинче, Белорусия үчүн кошумча 400 миллион доллар киреше табуу “проблема эмес”.