НАТО Россия менен бардык маселелерде диалогго даяр экендигин билдирди

397
0

НАТО Россия менен бардык маселелерде диалогго даяр экендигин билдирди

НАТО Россия менен бардык маселелерде, анын ичинде, Орто жана кыска аралыкка болжолдонгон ракеталарды жок кылуу келишими боюнча диалогду колдоого даяр.

Бул тууралуу НАТОнун башкы катчысынын саясий жана коопсуздук маселелери боюнча жардамчысы Алехандро Альваргонсалес билдирди.

 Ал: “Биз бардык маселелер боюнча, айрыкча Орто жана кыска аралыкка болжолдонгон ракеталарды жок кылуу келишими боюнча Россия – НАТО кеңеши форматында жана башка майдандарда диалог өткөрүүнү улантышыбыз керек”,- деди.

О.э. жакынкы убакта Россия-НАТО кеңешинин кезектеги жыйыны болуп өтөрүн билдирип: “НАТО Россия менен түрдүү маселелер боюнча диалогду колдоого дайым даяр. Россия-НАТО кеңешинин жыйыны жакын арада болуп өтүшү керек”, – деди.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here