Жээнбеков: Кытай менен мамилени бузууну каалагандардын аракеттери ишке ашпайт

332
0

Жээнбеков: Кытай менен мамилени бузууну каалагандардын аракеттери ишке ашпайт

 Президент Сооронбай Жээнбеков 9-январь күнү Сокулук районунун тургундары менен жолугушуу учурунда: “Кытай менен мамилени бузууну каалагандардын аракеттери ишке ашпайт”, – деди.

 Жолугушууда Сокулук районунун тургуну 7-январда Бишкек шаарынын борбордук аянтында Кытайга каршы болуп өткөн нааразылык акциясын эске салып: “Мындай акциялар эң ири экономикалык өнөктөш – Кытай менен мамилелерди бузуп жибербейби”, – деген суроо берген.

 Президент Сооронбай Жээнбеков Кытай Кыргызстанга келишимдер боюнча кредит-гранттарды берип жаткандыгын, алар берген каражат кандай иштетилип жатканы мамлекеттин ички проблемасы экендигин баса белгиледи.

 “Бул биздеги чиновниктердин, ошол кредиттерди, гранттарды иштеткен биздин мамлекеттик бийликте отургандардын, биздин проблемабыз. Аларга рахмат айтышыбыз керек, кредиттерди берип жатканына. Муну атайын саясатташтырып, мамилени бузганга ички күчтөрдүн кылган аракети, сыртты билбейм кимдер бар,бирок ичти билем кимдер бар экенин. Алар ойлобосун ушуну менен бир нерсе кылабыз деп, бардыгы жоопко тартылат. Мамлекетте мыйзам, бийлик иштейт. Биздин корко турган эч нерсебиз жок, же уурдап алсак, же элге-мамлекетке каршы иш кылсак корксок болот, корко турган эч нерсебиз жок, баарына чара көрөбүз. Органдар иштеп жатат, иштебеген органдар бардыгы жооп берет”, – деди президент.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here