Бардык проблемага туура чечим бир гана Куранда

490
0

بسم الله الرحمن الرحيم

Бардык проблемага туура чечим бир гана Куранда

Мээримдүү, Ырайымдуу, бардык нерсени Билүүчү Зат – Аллах Таала бизди проблемалар алдына таштап койгон эмес, тескерисинче, ар бир окуя жана иштерге кемчиликсиз чечим берген. Болгону, Аллах Тааланын бардык сыпаттары жөнүндө дагы бир жолу пикирлеп, Ошол Заттан жана анын Расулунан (с.а.в) болгон таалимдерди жападан-жалгыз жана кемчиликсиз акыйкат деп ишенип, аларды амалий түрдө үйрөнүү аркылуу о.э. Ал Затка ишенгениктен сөздөрүн да акыйкат деп кабыл алуу менен бардык проблемаларыбыз теңдешсиз чечимин табат. Башка булактардан чечим издөө кыйроого алып барат. Ошондуктан,  «Расулуллах (с.а.в.) Умар ибн Хаттоб (р.а.) Тоороттун бир бөлүгүн карап отурганын көрүп ачууланды жана: «Мунун ордуна кемчиликсиз Китепти алып келбедимби? Эгерде боордошум Муса тирүү болгондо, мени ээрчиген болор эле», – деди». Исламий сакафат менен адам жашоону туура түшүнөт. Ушул негизде – Ислам негизи менен гана – тарыхта болгону сыяктуу улуу мамлекет болобуз. Биз мындай теңдешсиз чечимдерден, Исламдагы саясий чечимдерден кафирлердин айла-амалдары себептүү жүз үйрүдүк. Мисалы: Куран фасыкка ишенбөөгө, алар айтып жаткан сөздөрдү текшерип алууга буйруган. Биз болсо эч ким ишенбей турган фасык адамдарды өзүбүзгө жетекчи кылып алдык, аныгыраагы, аларды бизге жетекчи, иш башкаруучулар кылып берди. (Фасык – бул адамдар арасындагы шариятка тескери мамилелери, жалгандары себептүү ишенимден чыккан адам). Аллах Таала айтат:

يَاأَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُوا إِنْ جَاءَكُمْ فَاسِقٌ بِنَبَإٍ فَتَبَيَّنُوا أَنْ تُصِيبُوا قَوْمًا بِجَهَالَةٍ فَتُصْبِحُوا عَلَى مَا فَعَلْتُمْ نَادِمِينَ

Эй момундар, эгер силерге бир фасык кимсе бирээр кабар келтирсе, силер (чыныгы акыбалды) билбей туруп, айрым бир коумго зыян жеткирип коюп, анан кылган ишиңерге өкүнүп калбашыңар үчүн (бул кабарды) аныктап көргүлө! [49:6] 

Расулуллах(с.а.в):

«لاَ يُلْدَغُ المُؤْمِنُ مِنْ جُحْرٍ وَاحِدٍ مَرَّتَيْنِ»

«Момун бир тешиктен эки жолу чактырбайт», – деген. (Бухарий риваяты). Бул хадис момун бир жолу адашып, жылан же чаян жаткан тешикке колун салышы мүмкүн экендигин, бирок, андан кийин дагы кайра ошол катасын кайталабай тургандыгын сүрөттөп жатат. Ушундай болгон соң, көп жолу чактырган адам жөнүндө эмне деп айтууга болот?

“Эгемендүүлүктү” берип коюшкандан кийин, башкача айтканда отуз жылга жакын убакыттан бери Исламдан баш тартып эмнелерге жетиштик? Никесиз төрөлүп жаткан балдарды, же ушул иштерге даярдап жаткан мектептердеги куфр программасына негизделген “билим берүү” программасы, жаштарга жыныстык мамиле боюнча билим берүү, кыздардын жоолук оронушуна каршылык көрсөтүү, же кен-байлыктарыбызды башкаларга талатып жиберип, Кытай сыяктуу мушриктерден – жерибизди, кендерибизди күрөөгө коюп – карыз алып жатканыбыз, же жогорку окуу жайларды бүтүрүп алып акча табуу максатында чет өлкөлөрдө кыйналып жүргөн жаштарды, же куфрду ыраазы кылуу үчүн күнөөсүз адамдарды «…кониституциялык түзүлүшкө каршы » деп куугунтуктап, камакка алып жатышканынбы, мыйзамсыз жолдор менен элден уурдаган арам байлыктарын алып, куфрдун кучагына кире качкан президенттердиби … деги кайсы бирин айталы.  

Дагы Исламдан  баш тартууну уланта берсек, бул кордуктар, шерменделиктер эч нерсе болбой калат, башкача айтканда мындан да жаман абалга дуушар болобуз. Абал алдоо эле эмес, расмий түрдө кулчулук тарапка багыт алууда. Ар бир шариятка тескери ишибиз, аракетибиз чоң балээ болушу мүмкүн. Себеби, расмий бийлик кожоюндары каалаган ишти аткара албай калганда колонизатор кафирлер бизди чалгытуу үчүн беймаани ызы-чууларды, тополоңдорду уюштурушат. Ар кандай абалда Исламдан баш тартышыбыз кыйроого алып барат, биздин шариятка кулак салбаганыбыздан колонизатор бир топ эле пайдаланат. Мисалы: 2010-жылы жаңы бийликти бекемдөө үчүн улутчулдуктан пайдаланды. Бул иш жахилияттын сасык тарапкечтиги болчу. Жубайр ибн Мутъимден риваят кылынышынча, Пайгамбар(с.а.в):

«لَيْسَ مِنَّا مَنْ دَعَا إِلَى عَصَبْيَّةٍ، وَلَيْسَ مِنَّا مَنْ قَاتَلَ عَلَى عَصَبِيَّةٍ، وَلَيْسَ مِنَّا مَنِ مَاتَ عَلَى عَصَبِيَّةٍ»

«Тарапкечтикке (улутчулдук, мекенчилдик, расачылык) чакырган адам бизден эмес. Тарапкечтик кылып согушкан адам бизден эмес. Тарапкечтик кылып өлгөн адам бизден эмес», – деген (Абу Давуд риваяты).

Карыз берип жатканда да кафирлер өз пайдасын гана көздөшөт. Бүгүнкү күндө биз буга күбө болуп жатабыз. Убагында жетекчилерибиз тышкы саясаттагы иштерин кайсы негизде ишке ашырып жатканын ойлоп да койбодук. Эми кесепети баарыбызга тийип жатат. Бизге ар дайым жана ар кандай абалда нажат бир гана Исламда, себеби, Аллах Таала айтат:

وَمَا أَرْسَلْنَاكَ إِلَّا رَحْمَةً لِلْعَالَمِينَ

„(Эй Мухаммад), чындыгында, Биз сени бардык ааламдарга рахмат (Аллахтын ырайымы-бейишке жетектөөчү) кылып жибердик “.    [21:107]

Биздин вужудубуз да, күчүбүз да – Ислам таалимдерине кулак салууда. Колонизатор кафирлер ишке ашырууну максат кылган ар бир ишке мусулмандар бир дене болуп каршы турушу да Исламдын мубарак таалимдеринен, себеби, Расулуллах (с.а.в): «Момундар өз ара дос, ырайымдуу, мээримдүү болууда бир денеге окшойт. Анын бир мүчөсүнө залака жетсе, калгандары уйкусуздук жана ысытмалоо менен анын жанында турушат», (Сахих Муслим) деген, жана «Момун, момун үчүн айрым бөлүгүн бекем кармап туруучу имаратка окшойт», (Сахих Муслим) деген сөздөрү биздин бар болушубуз да, башкаларга каршы турушубуз да бир дене сыяктуу биримдикте болуп аракет кылышыбызда экенин уктурууда. Исламдан жүз үйрүп эмне кылмакчыбыз?! Кытайларга өзүбүз каршы тура алабызбы? Же кайра эле саткындарга ишенебизби, алар эл үчүн эмне кылышты? Же кафирлерден нажат күтөбүзбү? Ислам буга уруксат берген эмес, себеби, Аллах Таала куфрдун ар кандай таасири бизге кирип келишин арам кылган:

وَلَن يَجْعَلَ اللّهُ لِلْكَافِرِينَ عَلَى الْمُؤْمِنِينَ سَبِيلاً

– “Аллах момундар үстүнөн кафирлерге эч качан жол бербейт.         [4:141]

Тазалыкты сактоо үчүн айып пулду көтөрүү – бул болгону паракордукту күчөтүү гана. Бул мыйзамдын пара аралашпастан, туура аткарылышына ким ишенет? Адамдарды тазалыкты сактоого алгач мектептерде, андан соң, радио-телевидение, гезит-журналдар аркылуу тарбиялап баруу керек. Расулуллах (с.а.в): “Ыйман алтымыш канча бутакка бөлүнөт. Анын эң абзели «Алладан башка илах жок» деш. Эң төмөнкүсү жолдон азар бере турган нерсени алып таштоо. Уят да ыймандын бир бөлүгү”, – деген.

Аллах Таала айтат:

إِنَّ اللَّهَ يُحِبُّ التَّوَّابِينَ وَيُحِبُّ الْمُتَطَهِّرِينَ

“Албетте, Аллах тообо кылуучуларды жана өздөрүн ар дайым таза кармоочуларды сүйөт”  [2:222].

 Аллах Таала жаман иштин өзүнө жараша жаза белгилеген:

وَالَّذِينَ كَسَبُوا السَّيِّئَاتِ جَزَاءُ سَيِّئَةٍ بِمِثْلِهَا وَتَرْهَقُهُمْ ذِلَّةٌ مَا لَهُمْ مِنْ اللَّهِ مِنْ عَاصِمٍ

“Жаман иштерди кылган кимселер үчүн болсо, ошол жамандыктарына жараша жаман жаза болот жана аларды кордук курчап алат – алар үчүн Аллах тарабынан бир да (жазадан) сактоочу болбойт”. [10:27]

Жаза – кылмыштан тыйып коюу үчүн болушу керек. О.э. мыйзам баарына бирдей колдонулушу шарт, буга далил Айша(р.а.) риваят кылган төмөнкү хадис:

«كَانَتْ امْرَأَةٌ مَخْزُومِيَّةٌ تَسْتَعِيرُ الْمَتَاعَ وَتَجْحَدُهُ, فَأَمَرَ النَّبِيُّ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ بِقَطْعِ يَدِهَا, فَأَتى أَهْلُهَا أُسامَةَ بنَ زَيْدٍ فَكَلَّموهُ, فَكَلَّمَ النَّبِيَّ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ فِيْهَا, فَقَالَ لَهُ رَسُولُ اللَّهِ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ: يَا أُسَامَةُ لاَ أَرَاكَ تَشْفَعُ فِي حَدٍّ مِنْ حُدُودِ اللَّهِ عَزَّ وَ جَلَّ, ثُمَّ قَامَ خَطِيبًا فَقَالَ: إِنَّمَا أَهْلَكَ مَنْ كَانَ قَبْلَكُمْ بأَنَّهُ إِذَا سَرَقَ فِيهِمُ الشَّرِيفُ تَرَكُوهُ, وَإِذَا سَرَقَ فِيهِمُ الضَّعِيفُ قَطَعوهُ, وَالذي نَفْسِي بِيَدِهِ لَوْ كَانَتْ فَاطِمَةَ بِنْتَ مُحَمَّدٍ لَقَطَعْتُ يَدَهَا, فَقَطَعَ يَدَ الْمَخْزومِيَّةِ»

«Махзумдук бир аял нерселерди ариятка алып, кийин танар эле. Пайгамбар r анын колун кесүүгө буюрду. Аялдын күйөөсү Усама ибн Зайдга келип сүйлөштү. Ал Пайгамбар r менен сүйлөштү. Ошондо Пайгамбар r: «Эй Усама, сени Алла Азза жана Жалланын бир хады жаатында ортого түшөт деп ойлободум эле», – деди да, ордунан туруп, минтип кайрылды: «Силерден мурункулар ушул үчүн да өлүмгө учурашкан, абройлуулары уурулук кылса, тек коюшкан, заифтери уурулук кылса, колун кесишкен. Жаным Анын колунда болгон затка ант, эгер Мухаммаддын кызы Фатима уурулук кылганда да, албетте, анын колун кескен болор элем». Ошондон кийин махзумдук аялдын колун кести».

Бизде болсо, колунда жок, тааныш-билиштери болбогон кылмышкер балээге калат. А бирок, таасирдүү адамдарга, чиновниктерге, ал тургай “ТААНЫШТАРЫ” көп адамдарга эч нерсе болбойт.

Мындагы негизги себеп, Исламдан жүз үйрүгөнүбүздө. Себеби, Аллах Таала айтат:

وَمَنْ أَعْرَضَ عَنْ ذِكْرِي فَإِنَّ لَهُ مَعِيشَةً ضَنكًا

Ким Менин эскертмемден жүз үйрүсө, анда, албетте ал үчүн бактысыз жашоо болот.                                                                                                  [20:124]

Исламды жакшы үйрөнүп, ар бир проблемага чечимдерди сахих ижтихаддан алуу менен гана туура тарапка аракет кылган болобуз. Ички саясатта да, тышкы саясатта да, ал тургай, ошол туура жашоо образын (системасын) турмушка кайтарууда да Ислам жолу–ТАРЫЙКАТЫнан четке чыкпашыбыз керек. Себеби, турмуштун изден чыгышына түзүмдөгү кемчилик себеп болсо, туура система жашоодо колдонулбай жатканына тарыйкатты ишке ашыруу жолдорундагы кемчилик себеп болот.

Гариб.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here