Роя гезити: Франциядагы нааразылык демонстрациялары: капитализмдин бузгунчулугу менен АКШнын айла-амалы ортосунда!

335
0

Роя гезити:

Франциядагы нааразылык демонстрациялары: капитализмдин бузгунчулугу менен АКШнын айла-амалы ортосунда!

Франция президенти Макрон 2018-жылы 10-декабрда жолдогон кайрылуусунда жумушчуларга жардам көрсөтүшүн, минималдуу маяна көлөмүн 100 еврога жогорулатышын маалым кылган болсо да, мына беш аптадан бери нааразылык демонстрациялары токтобой келет. О.э. Франция өкмөтү күйүүчү май продукцияларына карата салыкты көбөйтүү токтомун бекер кылды. Негизи, өкмөттүн күйүүчү май продукцияларына карата салыкты көбөйтүү жөнүндөгү бул токтому ушул нааразылык демонстрациялары башталышына, кийин зомбулук жана талкалоолорго түрткү болгон. Мунун артынан шейшемби күнү таалим системасында реформаларды өткөрүү талабы менен студенттер демонстрация башташты. АКШ президенти Макрондун үстүнөн күлүп, француз саясатчыларын ага каршы тукурду. Бул болсо, капиталисттик түзүм себептүү бүткүл дүйнөнү каптаган зулумдун көлөмүн көрсөтүп, мында Американын колу бар экени жөнүндө ойго салат.

Макрон өз калкына кайрылып, алардын кыжырын жана кыйынчылыктарын «түшүнүп» жатканын билдирди! Бул, Тунистеги Зайнулабидин менен Мисирдеги Хусни Мубаракты эске салат. Алар да нааразы болгон калкты «түшүнүп» жатканын билдиришкен, андан соң тактыларынан кулатылган! «Биз өлкөбүз үчүн тарыхий болгон баскычты башыбыздан өткөрүп жатабыз», – деди Макрон.

Бу аптада жалаң гана саясий талаптар айтылды, демонстранттар саясий жактан уюшуп, Макронду кулатууну көздөгөн «Кыжырданган Франция» кыймылы пайда болду. Демонстранттар: «Биз теңдикти каалайбыз, биз тирүү калууну эмес, жашоону каалайбыз», – дешти. Франция жана башка Европа мамлекеттеринде адамдар кыйын абалда, муктаж болуп күн көрүшүүдө. Алар эң зарыл негизги нерселерди да кыйынчылык менен сатып алышууда. Бул Европадагы абалдын реалдуу көрүнүшү. Курулай жардамдар берилишине карабастан, катардагы адамдар тирүүлүк үчүн крөшүүдө. Маяналардан социалдык пособиялар, медициналык камсыздандыруу үчүн төлөмдөр алынып калат, андан башка адамдын жон терисин сыйрыган салыктар бар. Натыйжада, маянадан аз гана акча калат, камалий муктаждыктарга ашпайт. Адамдар камалий муктаждык үчүн кредит алат, анан бүткүл өмүрүн ушул кредиттерди төөлө менен өткөрөт. Ошондуктан, алар кредитти төлөп негизги муктаждыктарына жеткен нерсени гана алышат. Көптөгөн адамдарда турак-жай жок, ошон үчүн алар кыймылсыз мүлк компанияларынан ижарага үй алышат. Ири компания жана банк ээлери болгон байлар өлкө байлыктарынын чоң бөлүгүнө ээлик кылышат. Ошондуктан, демонстранттар ушул байларга карата кыжырын билдирип банктардын жана камсыздандыруу компанияларынын терезелерин талкалашты. Ушул себептен улам, франциялыктар өз президентин байлардын кызыкчылыгы жана алардын байлыгын көбөйтүү үчүн иштеген «байлардын президенти» деп аташты. Мындай абал капиталисттик түзүм себептүү Батыш дүйнөсүнүн бардык тарабында орун алган. Бул түзүм социалисттик түзүмдүн кулашы жана Исламдын башкаруудан четтетилиши артынан бүткүл дүйнөнү ээледи.

2018-жылы 12-декабрда Франциянын Страсбург шаарында ок атышуу болду. Бул чабуул Макрондун кайрылуусу артынан жана демонстранттар президенттин реформалары жетиштүү эмесин билдирип, нааразылык акциясын баштарын билдиргенден бир күн өтүп жүз берди. Мамлекет коопсуздук чараларын күчөткөнүн жарыялады, курман болгондорду урматтоо жана чабуул кылган кылмышкер качып кеткендиктен этият болуу үчүн демонстранттардан көчөлөргө чыкпоону талап кылды! Натыйжада, өкмөткө карата шектенүүлөр пайда болду, демонстранттар өкмөт биздин демонстрациябызды токтотуу үчүн фитна кылып жатат деп эсептешти. Кийин, чабуулдан эки күн өтүп, өкмөт кылмышкер өлтүрүлгөнүн маалымдоого жана аны исламчыл кылып көрсөтүүгө мажбур болду. Негизи, ал Исламга амал кылбаган, тескерисинче бир катар кылмыштарды жасаган киши экени ачыкталды! Алар Исламды жаман көрсөтүү жана капиталисттик түзүмдүн адилетсиздигине каршы чыккандарды коркутуу үчүн ар бир кылмышты мусулмандарга шылтоолошот! Алар терроризмге каршы күрөштү жүйөлөп, ар бир адамды көзөмөлгө алган мыйзамдарды иштеп чыгышты! Буга 2018-жылы 14-декабрда Европа Союзу кабыл алган жаңы мыйзамды мисал кылуу мүмкүн.

Башка жактан алганда, капитализм жалпы эркиндиктерди алып келди, бул эркиндиктер Францияны ачык-айкын жана бузуку коомго айлантты. Коомдо бузукулук, салттуу эмес ориентация жана ыплас пикирлер кеңири жайылды. Бул коомду өзүмчүл, ач көз жана бай адамдар башкарды. Акыбетте адамдар ортосунда үлкөн айырма жүзөгө келди. Айрымдар миллиарддарга ээ болсо, айрымдар сокур тыйынга муктаж. Катардагы адамдар тирүүлүк жашоосун өткөрүүдө. Коом – фитнага оңой алдана турган, чет элдик күчтөр таасир өткөрө турган, каалаган багытка сала турган бузук коомго айланды. 1968-жылы дал ушундай болгон. Ал убакта Шарль де Голль Францияны АКШга каршы жетектеген, акыбетте АКШ каражаттарды ишке салып, жумушчулар тайпасы менен студенттерди нааразылык демонстрациясына чыгарган, ошентип, Шарль де Голл кулатылан. Францияда АКШ компаниялары менен бекем алакада болгон ири компаниялар бар. О.э. профсоюздар жана коомдордон турган жарандык уюмдар да бар, чет элдик компаниялар, өзгөчө, АКШ компаниялары аларга таасир кылат. 1981-жылы Франсуа Миттеран шайлоодо АКШ компаниялары менен жакын алакада болгон компаниялардын таасири себептүү жеңип чыкты жана көптөгөн маселелерде Америка саясатына шайкеш иш алып барды. Макрон бийликке келгенде ал саясатта Шарль де Голль менен Миттеран саясатын айкалыштырган багытта болот дешкен. Т.а. ал Шарль де Голль сыяктуу Францияны Европага жетекчи кылуу аркылуу анын эл аралык ролун бекемдейт о.э. Америка Францияга эл аралык даражадагы ролун бекемдешине уруксат бериши үчүн – Миттеран сыяктуу – Францияны Америкага жакындаштырат делген.

Макрон бул саясатты колдонууга урунду. Бирок, ал Трамп Иран ядролук келишиминен чыгууга токтом кылганда АКШга сафар жасап, Трампты бул токтомунан кайтарууга аракет кылды. Макрон Трамп бул токтомунан баш тартпашын көрүп үмүтү таш капты. Трамп Европа кызыкчылыктарына сокку берүү үчүн келишимден чыкты. Жада калса, америкалык жогору кызматтагы атканаминерлердин сөздөрүнө ылайык, Макрон АКШга сапар жасаганда Трамп ага Европа Союзунан чыгууну сунуштаган жана бул учурда Америка Францияны колдоого аларын билдирген. Андан кийин Трамп Европа Союзуна каршы соода согушун жарыялады, 2018-жылы 10-июнда Канадада G7 саммитинде жана 2018-жыл 11-12-июль күндөрү Брюсселде НАТО саммитинде эки тарап ортосунда кайым айтышуу болду. Ошондо Макрон Америкадан эч нерсе ала албашына толук ишенди. Ал кайра Европа менен бекемделүү жана Америкага каршы күрөшүү үчүн Германия менен кызматташуу жолуна өттү. Ал Германия жана Британия менен биргеликте Иран ядролук келишимин сактап каларын жарыялады.

Франция президенти АКШга эрегишүү чакырыгын таштоону чечкен көрүнөт. Макрон 2018-жылы 9-ноябрда Трамп менен жолугушканда Европа армиясын түзүүгө чакырды. Ошондо Трамп кыжырданып, Твиттерде «Франция президенти Европаны АКШ, Кытай жана Россиядан коргогон атайын Европа армиясын түзүүнү сунуштады. Бул кемсинтүү…» деп жазды. Трамп Макрондун эл арасында аброю жок экенин эске салып, кудум аны кулатууга чакыргандай Макронго чабуул кылган беш твит жазды. Германия канцлери Меркель 2018-жылы 13-ноябрда Европа армиясын жана Европа коопсуздук кеңешин түзүүгө чакырып Макронду колдоду. Ошондуктан, Америка Европадагы өкүмдарлыгын сактап калуу максатында Украинадагы жана Европадагы кырдаалды курчутууга, ушул аркылуу Европа аракетине сокку берүүгө урунууда.

Ушул себептен улам, Трамп Франциядагы окуяларга мурдун салып, маскаралай баштады. 2018-жылы 8-декабрда Трамп Твиттерде ушул сөздөрдү калтырды: «Парижде өтө кайгылуу күн жана түн. Мүмкүн, маанисиз жана өтө кымбатка турган Париж келишиминен баш тартып, салыкты төмөндөтүү иретинде элге акчаны кайтаруунун убагы келгендир? Париж келишими Париж үчүн жакшылык алып келбеди. Бүткүл Францияда нааразылыктар жана башалмандыктар». Франция тышкы иштер министри АКШдан Франциянын ички саясатына аралашпоону талап кылды.

Мына ушинтип Франциядагы нааразылык демонстрацияларына ички саясат да, тышкы саясат да, өзгөчө, Америка саясаты себеп болушу мүмкүн. Америка де Голль жана Миттеран доорунда Францияда мындай саясатты ийгиликтүү өткөргөн. Президент Трамп Франциянын ички ишине аралашып, адаттагыдай өз аракетин жашыра алган жок. Ал Европа Союзун таркатып, кулатмакчы экенин жашырбай айтат.

О.э. Франциядагы окуялар адамдарды өз жалыны менен өрттөп жаткан капиталисттик түзүмдүн табигый натыйжасы болуп эсептелет. Дүйнө үчүн бир гана чечим – Ислам мабдасы бар. Исламдагы экономика системасы байлыктардын туура бөлүштүрүлүшүн жана материалдык баалуулуктар менен шайкеш абалда рухий, ахлакий, инсаний баалуулуктар аркылуу жыргал жашоону камсыздайт. Албетте, бул Пайгамбарлык минхажы негизиндеги рошид Халифалыкты тикелөө аркылуу гана жүзөгө чыгат.

Роя гезити, 2018-жыл, 19-декабрь №213.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here