Кытайга каршы митинг

426
0

Кытайга каршы митинг

Бүгүн 7-январда Ала-Тоо аянтында Кытайдын кирип келүүсүнө каршы митинг болуп өттү. Буга чейин социалдык тармактарда митингге чогулуу боюнча өз ара чакырыктар болуп келген. Натыйжада, чакырыктарга кайдыгер карабаган 500дөй киши борбордук аянтка чогулду. Расмий бийлик өкүлдөрүнөн, саясатчылардан, коомдук ишмерлерден эч ким катышкан жок.

Митинг жүрүшүнөн ал табийгый түрдө уюшулганы даана көрүнүп турду. Ошондуктан, жыйын эркин пикир билдирүү менен коштолуп, түрдүү талаптар айтылды. Ошентсе да, аларды бир багыт – Кытайдын кирип келишине каршылык багыты бириктирип турду.

Жыйын катышуучулары жарандык кийимчен орган адамдары жүргөндүктөрүн айтышып, өз ара бири-бирин ар кандай провокациялардан оолак болууга чакырып жатышты. Ушул эле учурда, айрым саясатчылардын “чабармандары” да сөз алып, өз кызыкчылыктары жолундагы “жыландын башын кылтыйтып” көрүштү, бирок, чыныгы жүздөрүн көрсөтүшкөн жок. Бирок, митингчилер бийликке да, саясий партияларга да, саясатчыларга да ишенбей тургандыктарын жашырышпады. Ошентсе да, “бийлик болгондон кийин чечим анын колунда” деген назарда, бийлик өкүлдөрүнө кайрылмакчы болушту эле, тилекке каршы, алардын бардыгы каникулда экен (кыскасы, келген эл менен эч кимдин иши болбоду, ал тургай алардын айрымдары “рождество”ну майрамдап жүрүшсө керек). О.э. таанымал саясатчылардан да эч ким көрүнбөдү, негизи, ыңгайлуу учурду аңдып жатыш алардын адаты.

Көпчүлүк кайра чогулчу күндү 17-январга белгилешкен соң,  адамдардын айрымдары таркап кетишти. Бирок, жаштардын ири бөлүгү буга ыраазы болбой, жөө жүрүш жасап, КТРКга барышты жана жетекчисине жолугушту. Ал жерде эки талап айтылды: 1. Кытай жарандарынын киришине мораторий жарыялоо; 2. Мыйзамсыз жүргөн кытайларды Кыргызстандан чыгаруу.

Ушулардан кийин, КТРК жетекчисинен эртең бийлик өкүлдөрү менен түз эфирде бетме-бет жолуктуруу убадасын алган соң, митинг аяктаганы жарыяланды.

Биздин ушул митингге байланыштуу кайрыла турган жайыбыз бар:

 Эй Кыргызстан калкы, уучуңар эл үчүн күйгөн уландарыңардан куру эмес экен. Эми аларды колдоп алуу өзүңөрдүн колуңарда!

Бийликтен

– Кытай менен болгон карыз келишимдерин

– Карыздардан кутулуу программасын

– Кытай инвестицияларынын шарттарын

– Кытай компаниялары менен түзүлгөн келишимдерди

ачыктоону талап кылып алыңыздар.

Эй саясатчылар, эми ийинден баш чыгарып, өз кызыкчылыгыңар үчүн эмес, туура жол көрсөтүү үчүн эр азаматтарыбыздын алдына түшкүлө.

Эй бийликтегилер, калкка каршы айла-амал иштетүү, зордук-зомбулук колдонуу тууралуу ойлоно көрбөгүлө. Антсеңер, үлкөн душман каршысында жалпыбыздын күчүбүз кетет. Силер элиңердин перзенттерисиңер. Кантип силер кытайга кулчулук кылууга ыраазы болосуңар! Элге келип кошулгула, анткени, элиңердин үстүнөн эки дүйнө жоопкерчилигиңер бар.

Расул Акрам соллаллоху алайхи васаллам айтты:

«أَلَا كُلُّكُمْ رَاعٍ، وَكُلُّكُمْ مَسْؤُوْلٌ عَنْ رَعِيَّتِهِ»

«Билип койгула, бардыгыңар башчысыңар жана бардыгыңар өз карамагыңдагылар үчүн жоопкерсиңер».

Аллах Таала U айтат:

يَاأَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُوا لَا تَخُونُوا اللَّهَ وَالرَّسُولَ وَتَخُونُوا أَمَانَاتِكُمْ وَأَنْتُمْ تَعْلَمُونَ

«Эй момундар, Аллах жана Расулуна кыянат кылбагыла жана силерге ишенип берилген нерселерге билип туруп кыянат кылбагыла»                                                                                    [8:27]

Хизбут-Тахрир – Кыргызстан маалымат бөлүмү

07. 01. 2019.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here