НАТО Россияга “акыркы мүмкүнчүлүк” берди
Эгерде, Россия белгиленген мөөнөт ичинде Орто жана кыска аралыкка болжолдонгон ракеталарды жок кылуу келишимин аткарууга кайтпаса, анда НАТО ага тийиштүү жооп кайтарат. Бул тууралуу НАТОнун башкы катчысы Йенс Столтенберг “DPA” агенттигине берген интервьюсунда билдирди.
Столтенберг: “Маанилүүсү, учурда Россиянын акыркы мүмкүнчүлүгү бар. Эгерде, Россия келишимдин шарттарын аткара баштабаса, анда биз чоң проблемаларга дуушар болобуз”, – деди.
Анын айтымында, стратегиялык тең салмактуулукту калыбына келтирүү үчүн, НАТОдо Орто жана кыска аралыкка болжолдонгон ракеталарды жок кылуу келишими токтотулушуна жооп кайтаруунун көптөгөн ыкмалары бар. Бирок, ал кырдаалды курчутпоо үчүн кандай ыкмалар бар экендигин кеңири ачыктабады.
“Биз өтө кескин жооп кайтарбайбыз, а бирок, муну кылуу керек. Биздин негизги милдетибиз – Россияны келишимди аткарууга кайтаруу”, – деди НАТОнун башкы катчысы.
Ал НАТО АКШ Европада эки тараптуу келишимдер негизинде өз ядролук ракеталарын жайгаштырышы мүмкүндүгү боюнча суроого жооп бербеди. Столтенберг НАТОго мүчө өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлеринин бул маселени чечүүгө ыраазы болгон декабрь айындагы токтомун алкыштайт.
Ошону менен бирге, Россияга тийиштүү жаңы SSC-8 ракеталары алда качан эле Европада жайгаштырылган, алар Орто жана кыска аралыкка болжолдонгон ракеталарды жок кылуу жөнүндөгү келишимди бузушу мүмкүн.
“Россия ядролдук куралынан пайдалануу үчүн чек араны жоготууда”, – деди Столтенберг.