Трамп АКШда өзгөчө кырдаал жарыя кылышы мүмкүн

335
0

Трамп АКШда өзгөчө кырдаал жарыя кылышы мүмкүн

АКШ президенти Дональд Трамп өлкөдө чукул кырдаал жарыя кылышы мүмкүн.  Бул тууралуу, Трамп Ак үйдө маалымат каражаттарынын өкүлдөрү менен жолугушуу учурунда маалымдады. 

АКШ президенти өзгөчө кырдаалды жарыя кылуу үчүн аны конгресс тастыкташы керектигин белгиледи.

22-декабрда конгресс демократтар бюджетти кабыл алууну четке каккандан кийин АКШ өкмөтүнүн бир бөлүгү ишмердүүлүгүн токтотту. Бюджетте Мексика менен чек арага дубал курууга болжол менен 5 миллиард доллар жумшоо каралган.  

АКШ президенти шайлоонун алдында бул дубалды курууга убада берген. Ошондуктан, документтен  бул чыгымды алып таштоого көнбөй жатат.

Демократтар 3-январь күнү конгресстин төмөнкү палатасында көп орун ээлешти жана бул мүмкүнчүлүктөн пайдаланууга шашылышты, башкача айтканда, өкмөттүн ишин каржылоо боюнча мыйзам кабыл алынды.

Бирок, президент жана анын кеңешчилери конгресс дубалды куруу үчүн 5,7 миллиард долларды кабыл албаса бул демилгени токтотууну билдиришти. Демократтар болгону 1,3 миллиард доллар бөлүүгө макул болушту.

Трамп бюджет кризиси жакынкы күндөрдө чечилишинен үмүттөнүп жатканын билдирди. Бирок, бир катар федералдык мекемелердин ишмердүүлүгү бир нече жылга токтотулушу мүмкүн экендигин айтты.

АКШ президентинин пикиринче, бюджет кризиси эмдиги аптада чечилиши мүмкүн. АКШда мамлекеттик чек араны коргоо маселесин чечүү боюнча атайын жумушчу топ түзүлдү. Анын биринчи жыйыны дем алыш күнгө пландаштырылган.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here