Дирк Визе: Россия менен мамиле начарлашы мүмкүн

296
0

Дирк Визе: Россия менен мамиле начарлашы мүмкүн

Германия өкмөтүнүн Россия менен мамилелер боюнча өкүлү Дирк Визе “2019-жылы Москва менен Берлин ортосундагы мамилелер начарлайт” деп эсептейт. Ал мындай пикирин “Pfälzische Merkur” гезитине берген интервьюсунда билдирди.

Анын билдиришинче, бул нерсе Москва 2018-жылы алдын ала айтуу мүмкүн болбогон саясат жүргүзгөнүнө байланыштуу.

Мындан тышкары, саясатчы бул абал “2018-жылы дүйнөдө жүз берген бир топ окуяларга  Россия жоопкер экендигине байланыштуу” деп эсептейт.

 “Мурдагы тыңчы Скрипалдын ууланышына күбө болдук. Андан соң, Москва жарыша куралдануу байгесин баштады – ракеталар боюнча келишим бузулушу мүмкүн. Бул маселе боюнча жаңырган жылы да олуттуу аракет кылышыбызга туура келет. О.э. Азов деңизинде кооптуу көрүнүштө күчүн көрсөттү. Ошол себептүү, Россия менен мамилелер быйыл да начарлайт деп айтууга болот”, – деди Визе.

О.э. Евробиримдик Москвага карата санкцияларды кандай шарттарда жумшартышы мүмкүн экендигин билдирди. Саясатчынын айтымында, бул нерсе тынымсыз бузулуп жаткан Минск келишимдерин ишке ашырууга байланыштуу.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here