Өзбекстан менен Тажикстан Афганистан чек арасындагы кырдаалды талкуулады
“Өзбекстан менен Тажикстандын чек ара кошуундары биргелешкен аскерий кеңештин алгачкы жыйынын өткөрүштү”, – деп кабарлады “Sputnik” Тажикстан.
Жыйын 21-22-декабрь күндөрү Согди облусунун Гулистан шаарында өткөрүлдү.
Жолугушууда Тажикстан чек ара кошуундарынын командачысы, генерал-полковник Раджабали Рахмонали жана Өзбекстандын чек ара кошуундарынын командачысы, генерал-майор Руслан Мирзаев жана чек ара кошуундарынын жетекчилери катышты.
Жолугушууда тараптар Өзбекстан менен Тажикстандын ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө көңүл бурулуп жаткандыгын баса белгилешти.
Аскерий кеңеште Афганистан менен чек арадагы кырдаал талкууланды.
О.э. Өзбекстан менен Тажикстандын чек ара кошуундары 2019-жыл үчүн кызматташтык планын иштеп чыгышты.
Документтин негизги максаты – мамлекеттер ортосунда эки тараптуу кызматташтыкты бекемдөө жана өнүктүрүү о.э. мамлекеттик чек араны коргоо.