Саудия АКШны айыптап чыкты

504
0

Саудия АКШны айыптап чыкты

Саудия АКШдан королдуктун ички иштерине аралашууну токтотууну жана мамлекеттин дүйнөдөгү о.э. региондогу позициясына зыян жеткирбестикти талап кылды. Бул тууралуу королдуктун Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүндө айтылат.

Эр-Рияд бир топ маселелер боюнча АКШ сенатынын негизсиз жана түшүнүксүз айыптоолорун четке кагат. Текстте келишинче, королдук БУУнун 2216-резолюциясы жана башка түзүлгөн келишимдер негизинде Ямандагы саясий кырдаалга чечим табуу үчүн иш-аракеттерин улантууда. О.э. Саудия буга чейин журналист Жамал Хашогжинин өлтүрүлүшү кылмыш экендигин, ал окуянын королдук жана анын саясатына тиешеси жоктугун билдирген.

Саудия Тышкы иштер министрлигинин билдиришинче, мамлекет АКШ менен кызматташтыкты улантууга даяр. О.э. эл аралык терроризмге каршы күрөшкө салым кошуусун улантат.

 Эскерте кетсек, буга чейин АКШ Сенаты Жамал Хашогжинин өлүмү үчүн жоопкерчиликти Саудиянын мураскор шахзадасы Мухаммад ибн Салманга жүктөгөн резолюцияны бир добуштан жактырган.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here