Путин ЕАЭБдин экономикалык суверенитетин бекемдөөгө чакырды
Россиянын президенти Владимир Путин Евразия экономикалык биримдигинин мүчөлөрүнө өз ара каржылык келишимдерди өнүктүрүү боюнча иштөөнү сунуштады. Путиндин айтымында, бул аракет ЕАЭБ мүчөлөрүнүн суверенитетин бекемдейт.
“Заманбап каржылык техникага таянган негизди түзүү (ЕАЭБге мүчө өлкөлөр үчүн) улуттук төлөм системасынын туруктуулугун камсыздайт жана долларга же дагы башка чет элдик валюталарга көзкарандылыкты азайтат”, “Бул болсо, кандай болбосун, экономикалык суверенитеттин өнүгүшүн түшүндүрөт”, – деди Путин ЕАЭБдин Петербург шаарында болуп өткөн саммитинде.
О.э. жарандардын аракетин жеңилдетүү, саламаттыкты сактоо, билим берүү, туризм, спорт жана маданият тармактарында жакындан кызматташууну сунуштады.
Путин ЕАЭБге мүчө өлкөлөр тышкы алакаларды да кеңейтүүсү зарыл экендигин белгиледи. Анын айтымында, ЕАЭБ, КМШ жана Түштүк-Чыгыш Азия (АСEАН) мамлекеттери ортосунда кол коюлган меморандум ири Евразия кызматташтык долбоорун ишке ашыруу жолунда ташталган кадам болуп эсептелет.
Путин: “Бүгүнкү күндө биз Кытай менен соода-экономикалык кызматташтык келишими жана Иран менен эркин соода келишими күчүнө киргендигин жарыя кылабыз. Сингапур, (Израиль) жана Сербия менен, кийинчерээк Индия жана Мисир менен соода келишимдери боюнча сүйлөшүүлөр ийгиликтүү аякташынан үмүттөнөбүз”, – деди.
ЕАЭБ 2015-жылдын башында Россия, Белорусия жана Казакстан ортосунда Бажы биримдигинин негизинде түзүлүп, ага ошол эле жылы Армения менен Кыргызстан кошулган.
ЕАЭБ келишими боюнча, бардык мүчө өлкөлөр ортосунда кызмат көрсөтүү, капитал жана жумушчу күчтөрдүн эркин кыймылдашы о.э. экономикалык тармакта айкалышкан, макулдашылган же бирдиктүү саясат жүргүзүү камсыздалат.