Мэтис: Россия АКШдагы шайлоого таасир өткөрүүгө дагы бир жолу аракет кылды
АКШ коргоо министри Жеймс Мэттис Россияны АКШдагы Конгресске шайлоого таасир өткөрүүгө аракет кылгандыкта айыптады. Бул тууралуу “The Hill” гезити кабарлады.
Гезит АКШ коргоо министринин Калифорния штатындагы “Роналд Рейган” китепканасында сүйлөгөн сөзүндө: «Ноябрь айында өткөн шайлоодо (Россия президенти Владимир Путин) дагы бир жолу аралашууга аракет кылып көрдү. Биз бул теманын үстүндө тынымсыз аракет кылып жатканына күбө болуп келебиз», – деди.
Бирок, АКШ атайын кызматынын өкүлдөрү шайлоодо добуш берүү системасын бузууга аракет болгондугунун эч кандай белгилери жоктугун билдиришүүдө. Алардын билдиришинче, атайын программаларды орнотуу жана кадрларды даярдоо сыяктуу иш-чаралар “тымызын аралашууга” жол бербейт.
2016-жылы Трамп АКШ президенти болуп шайланышында да Россиянын колу бар экендиги айтылып келет. Орустар муну четке кагып келишине карабастан, Британия Трамптын орустар менен алакасын ашкере кылды. Бул тууралуу “Ал-Ваъй” журналынын 381-санында жалпысынан мындай деп келген: (кыскартып берилди)
АКШдагы акыркы (2016-жылы ноябрда) болуп өткөн президенттик шайлоо кампаниясы учурунда британиялыктар Трамп кампаниясын орустар менен байланыштыруучу жипти таап алышты. Британияда чыгуучу «The Guardian» гезитинин жазышынча, Британия өкмөтүнө караштуу «GCHQ» разведка агенттиги АКШ президенти Дональд Трамп тобунун орустар менен мамиледе болгонун биринчи болуп ашкере кылган.
Британиялыктар Трамп жана анын шайлоо кампаниясынын Россия (Путин) менен мамиле кылганы о.э. Россиянын ушул шайлоого аралашканы боюнча далилдер бар экендигине Америкадагы коомчулукту (саясий, маалымат жана разведка тармактарын) ишендирүүгө жетишти. Мунун артынан ушул тема боюнча чындыкты аныктоо жараяны башталып кетти жана массалык маалымат каражаттары, негизинен, АКШнын маалымат каражаттары Трамп админстрациясы, Ак үй жана башка жердеги анын жакындары о.э. аларга тийиштүү бардык мамилелер темасынан бошобой калды. Трамп ал тургай массалык маалымат каражаттарынан качууга аракет кылып, калк менен байланышууда Твиттерден пайдалана турган болуп калды! Конгресстеги “демократтар” “республикачы” кесиптештеринТрамптын жакындары менен орус разведкачылары ортосундагы алакалар жана Москванын АКШдагы президенттик шайлоого аралашуусу боюнча тергөөгө тоскоолдук кылуунун акыбети жаман болушунан эскертишти.
Трамп бийликке келгенден баштап Ак үй жана АКШ коопсуздук кызматында тынымсыз кызматтан алуу жана отставкага чыгуулар жүз берүүдө. Бул болсо, тергөөнүн натыйжасында Трамп жана анын тобунун тагдыры олуттуу кабатыр астында калып жатканына ачык далалат кылат. Себеби, орустар менен кылынган жашыруун мамилелер Трамптын эң жакын эки жардамчысын иштен бошотуусуна алып барды. Мындан тышкары, Трамптын өзү иштен бошоткондор да, анын саясатында чалкештик бар себептүү же мындай саясаттын акыбетинен отставкага кеткендер да бар. Айрыкча, ушул тема боюнча журналисттик иликтөөлөр жана АКШ тергөө кызматтарынын тергөөлөрү уланууда. 2017-жылдын март айында “Нью-Йорк Таймс” гезити Трамп жеңип чыккан шайлоого Россиянын аралашкандыгы боюнча жүрүп жаткан тергөө жөнүндө бир отчёт жарыялады. Отчётто келишинче, тергөөдө АКШ Федералдык полициясынын «Кремль өзүнүн разведка операцияларын хакердик схемалар менен бириктирген» деген сөзү да орун алган.