АКШ Россияга шарт койду
Россия эгерде 60 күндүн ичинде орто жана кыска аралыкка болжолдонгон ракеталарды жок кылуу туурасындагы келишимди аткара баштабаса, анда АКШ бул келишимден чыгып кетет. Бул тууралуу 4-декабрь күнү Брюсселде АКШ мамлекеттик катчысы Майк Помпео билдиргендигин ТАСС агенттиги кабарлады.
“Ушул 60 күн ичинде биз орто жана кыска аралыкка болжолдонгон ракеталарды жок кылуу келишиминин алкагына кирүүчү системаларды чыгарбайбыз, сыноодон өткөрбөйбүз жана жайгаштырбайбыз. 60 күндөн кийин эмне болорун көрөбүз”, – деп кошумчалады Помпео.
Мамлекеттик катчынын белгилешинче, бул позицияны АКШнын НАТО боюнча союздаштары колдоого алышты, алар менен Брюсселде ракета келишими маселеси талкууланган.
АКШнын мамлекеттик катчысы: “Бул жаатта (НАТО мүчөлөрү арасында) толук биримдик бар”, – деп баса белгиледи.
Анын кошумча кылышынча, АКШ буга чейин да Россияны орто жана кыска аралыкка болжолдонгон ракеталарды жок кылуу келишимин аткарууга бир нече жолу чакырган, а бирок, “азыркыга чейин алардын муну аткарып жатканын көрсөтүүчү эч кандай белги жок”.
Өз кезегинде, РФ тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мария Захарова бул тууралуу билдирүү менен чыкты.
Анын билдиришинче, Россия орто жана кыска аралыкка болжолдонгон ракеталарды жок кылуу келишимин аткарып келүүдө.
Мария Захарова АКШ мамлекеттик катчысы Майк Помпео койгон шартка комментарий берип: “Россия бул келишимдин беренелерин аткарып жатат жана Америка тарап муну билет”, – деди.