Трамп: Саудия болбосо, (Израил) өтө чоң проблема ичинде калат болчу

353
0

Трамп: Саудия болбосо, (Израил) өтө чоң проблема ичинде калат болчу

АКШ президенти Дональд Трамп Флоридадагы Мар-а-Лаго имаратында Саудиянын АКШ жана (Израил)ге кылган кызматтарын мактаган билдирүү берди. Трамп саудиялык журналист Жамал Хашогжинин өлтүрүлүшү жөнүндөгү суроолорго жооп берип жатып, бул абал АКШ-Саудия алакасына таасирин тийгизбестигин жана АКШнын Саудия менен достук мамилеси уланышын баса белгиледи.

Трамп: “Эгерде Саудия болбогондо, Жакынкы Чыгышта чоң базабыз болмок эмес. (Израил)ди карагыла, эгерде Саудия болбосо, (Израиль) өтө чоң проблема ичинде калмак. Бул эмнени түшүндүрөт? (Израиль) ал жерден чыгып кетип жатабы? Силер (Израил)дин ал жерден чыгып кетишин каалайсыңарбы? Саудияда өтө күчтүү союздашыбыз бар”,-  деди.

Саудиянын мураскор шахзадасы Мухаммад бин Салманды Хашогжинин өлүмүндө айыптоо үчүн жетиштүү далилдер жоктугун билдирген Трамп: “(Хашогжинин өлтүрүлүшүнө) балким, бүт дүйнө жоопкер болушу керектир. Себеби, бүт дүйнө ыплас”, – деди.

Ал: “Мен бул окуяны жек көрөм. Окуяны жашырууга аракет кылынганын да жек көрөм. Саудиянын мураскор шахзадасы бул абалды менден да көбүрөөк жек көрөт деп айта алам”,- деп кошумчалады.

Мындан бир топ күн мурда Трамп адам укуктарына тиешелүү ар кандай тынчсыздануулар Американын улуттук коопсуздугунан жана экономикалык кызыкчылыктарынан жогору турбастыгын билдирген.

АКШ президенти: “Саудия маселесинде наадандык менен иш кылып, дүйнөлүк экономиканы жана мамлекетибиздин экономикасын коркунучта калтырбаймын”, – деген.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here