Евробиримдик Борбор Азия боюнча жаңы стратегия иштеп чыгат

418
0

Евробиримдик Борбор Азия боюнча жаңы стратегия иштеп чыгат

2018-жылдын 23-ноябрында Өзбекстандын тышкы иштер министри Абдулазиз Камилов башчылыгындагы делегация Брюссель шаарында болуп өткөн “Борбор Азия – Европа Союзу” региондор аралык министрлер жолугушуусуна катышты. Бул тууралуу Өзбекстан тышкы иштер министрлиги кабарлады.

Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан, Түркмөнстан, Өзбекстан жана Евробиримдиктин тышкы иштер министрлери саясий, экономикалык жана инвестициялык тармактардагы туруктуу өнүгүү, климаттын өзгөрүшү, айлана-чөйрө, суу запасы жана коопсуздук тармактарындагы кызматташтыктын учурдагы абалын жана келечегин талкуулашты.

Борбор Азия өлкөлөрүнүн өкүлдөрү 2019-жылдын аягына чейин Борбор Азия боюнча жаңы стратегия иштеп чыгуу жана кабыл алуу туурасындагы Евробиримдиктин токтомун колдоп-кубатташты о.э. анын натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча сунуштарды беришти.

Жалпы жыйындар жана башка түрдөгү жолугушуулар учурунда аймактык жана эл аралык саясат маселелери боюнча пикир алмашылды.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here