ЦРУ Жамал Хашогжинин (Хашогги) өлүмүнө мураскор шахзаданын тиешеси бар деген тыянак чыгарды

441
0

ЦРУ Жамал Хашогжинин (Хашогги) өлүмүнө мураскор шахзаданын тиешеси бар деген тыянак чыгарды

АКШнын атайын кызматтары саудиялык журналист Жамал Хашогжини Стамбулдагы башкы консулдуктун имаратында өлтүрүүгө ким көрсөтмө бергенин аныктады. Бул тууралуу “Корреспондент.net”  кабарлады.

“TheWashington Post” басылмасы кабарлагандай, Саудиянын мураскор шахзадасы Мухаммад бин Салман Жамал Хашогжини өлтүрүүгө буюртма берген.

Борбордук разведка башкармалыгы (ЦРУ) түрдүү булактарды изилдеп, журналисттин өлтүрүлүшү анын кабарысыз жана катышуусусуз болбогондугу тууралуу тыянак чыгарды. Мындан тышкары, ЦРУ Саудиянын АКШдагы элчиси, мураскор шахзада Холид бин Салман Хашогжиге телефон чалганын ачыктады.

Буга чейин Түркиянын атайын кызматтары да ушундай тыянак чыгарышкан эле. Алар Хашогжи өлтүрүлгөн учурда консулдукта болгон разведка кызматынын полковниги Махир Абдулазиз Мутриб окуя тууралуу мураскор шахзадага кабарлаганын билдирүүдө.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here