Кыргызстан БУУнун Крым боюнча резолюциясына каршы добуш берди

316
0

Кыргызстан БУУнун Крым боюнча резолюциясына каршы добуш берди

 БУУнун Башкы Ассамблеясынын үчүнчү комитетинин жыйынында добушка коюлган “Крым автономиялуу республикасында жана Севастополь шаарында адам укуктарынын абалы” резолюциясынын жаңыланган долбооруна 26 мамлекет каршы добуш берди. Каршы добуш бергендердин арасында Кыргызстан да бар. Бул тууралуу Украинанын БУУдагы миссиясы Twitter’деги баракчасында жарыялады.

Резолюция долбооруна 67 мамлекет “макул”, 82 мамлекет “бейтарап”, 26 мамлекет “каршы” добуш берген.

 Кыргызстан, Армения, Белорусия, Боливия, Бурунди, Камбожа, Кытай, Куба, Түндүк Корея, Эритрея, Индия, Иран, Казакстан, Мьянма, Никарагуа, Россия, Сербия, Түштүк Африка Республикасы, Түштүк Судан, Судан, Сирия, Тажикстан, Уганда, Өзбекстан, Венесуэла жана Зимбабве өлкөлөрү каршы добуш берген.

Комитетте добуш берилгенден кийин, долбоорду БУУнун Башкы Ассамблеясы карап чыгат. Добуш берүү үстүбүздөгү жылдын декабрь айында болору күтүлүүдө.

Кечээ күнү макулданган резолюция долбоорунда, айрыкча, Кремлдин украиналык саясий туткундарынын аттары аталган.

Украина тарап иштеп чыккан резолюциянын текстинде келишинче, Крымда диний азчылыкка карата “басым күчөп жатканы” күзөтүлүүдө. Резолюциянын авторлору билдиргендей, диний азчылыктарга “полиция рейддери”  о.э. “коркутуулар жана куугунтуктоолор” аркылуу басым өткөрүлүүдө.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here