Кыргызстанда эмдөөдөн милдеттүү түрдө өткөрүү мыйзамы талкууланууда

492
0

Кыргызстанда эмдөөдөн милдеттүү түрдө өткөрүү мыйзамы талкууланууда

Кыргызстанда милдетүү түрдө эмдөөдөн өткөрүү туурасында мыйзам долбоору даярдалууда. Бул тууралуу Кыргызстандын Саламаттыкты сактоо министрлиги жана Республикалык эмдөө борборунун директору Гулбара Ишенапысова тарабынан өткөрүлгөн маалымат жыйынында кабарланды. Ишенапысованын айтымында, учурда милдеттүү түрдө эмдөөдөн өткөрүү боюнча мыйзам долбоору даярдалууда.

Ишенапысова учурда эмдөө боюнча мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталып жаткандыгын билдирди.

Ишенапысова 2019-жылы ушул маселе боюнча мыйзам долбоорун Саламаттыкты сактоо министрлигине сунуштоону пландаштырып жатканын билдирип: “Биз 2018-жылы эмдөөдөн милдеттүү түрдө өткөрүүнү баштоого чечим кабыл алдык”, – деди. Анын айтышынча, мамлекетте үстүбүздөгү жылдын январь айынан сентябрь айына чейин кызамык оорусу боюнча 429 абал катталган. Ооруну жуктуруп алгандардын 45 пайызы эмдөөдөн өтүшкөн эмес.

О.э. эмдөө борборунун директору Кыргызстанда эмдөөгө каршы чыгуу кызамык оорусу көбөйүшүнө себеп болуп жаткандыгын баса белгиледи. Анын айтымында, мыйзамга сунушталып жаткан өзгөртүүлөр киргизилсе, анда ата-энелер балдарын эмдөөдөн милдеттүү түрдө өткөрүүгө мажбур болорун билдирди.

Туркистон:

Капитализм түзүмү материалдык кызыкчылык негизине курулган. Азыр дүйнөлүк башкаруу системасы капиталисттик түзүмгө негизделгендиктен, медицина тармагы да материалдык кызыкчылык негизинде иш алып барат. Дүйнөдөгү кирешелүү тармактардын алдыңкы катарынан орун алган фамацефтика тармагы учурда адамзатта учураган оорулардан да алдыга өтүп кетти. Башкача айтканда, кымбат дарылар чыгарылууда, бирок ал дарылар соодасы ошол ооруга чалдыккан адамдардын санына көз каранды. Адамдар болсо, чыгарылып жаткан дары-дармектин көлөмүнө жараша оорубай жатышат!

Эмдөөдөн милдеттүү түрдө өткөрүүнү негизинен үчүнчү дүйнө мамлекеттеринин жарандары үчүн киргизип жатышат. Эмдөөнү мыйзамдаштыруу үчүн атайын эл аралык уюмдар басым өткөрүшөт. Фармацевтика тармагынын кожоюндары болсо материалдык жардам берүү аркылуу мыйзам чыгаруу бийлигин сатып алышат. Батыштын фармацевттик компаниялары ал тургай медицина тармагын да монополия кылып алышып, врачтар рецептке ошол компанияга тиешелүү дары-дармектерди жазып бергени үчүн аларга сыйлыктарды берип турушат. Алар Кыргызстандын медицина системасынын негизин жарактан чыгарып, аны материалдык пайда алып келүүчү финансылык тармакка айландырып алышты.

Ушул компаниялардын мамлекеттерге эл аралык уюмдар аркылуу таасир өткөрүшүнүн натыйжасында, милдеттүү түрдө эмдөөдөн өткөрүү саясаты жүрүп жатат. Бул саясаттын артында эч кандай дүйнөлүк эпидемиялык кооп-коркунуч жаткан жок. Тескерисинче, эмдөөдөн милдеттүү түрдө өткөрүү жаш балдардын табигый иммундук системасын изден чыгарып, организмдин капиталисттер чыгарып жаткан дары-дармекке муктаждыгын күчөтөт. Бул тууралуу батыштын жүздөгөн профессор-окумуштуулары жар салып жаткандыгына көңүл бурулбай жатат. Ал тургай,  Кыргызстан бийлиги мамлекетте эмдөө каражаттарын текшерүү үчүн атайын лабароториялар жок болушуна карабастан, бул препараттардын шектүү экендигине да көңүл бурбай жатат. Алар эл аралык уюмдардан коркушуп, материалдык пайда үмүтүндө өз калкынын өмүрүн капиталисттик куфр системасынын колуна тапшырып коюшууда!!!

Эй Кыргызстан калкы!!!

Өз коопсуздугубузду, балдарыбыздын өмүрүн өзүбүз коргобосок, жетекчи топ бизди ойлобойт. Алар өтө бузук саясий чөйрөнүн өкүлдөрү болушуп, эл аралык саясат манкурттарына айланып калышкан! Балдар – биздин келечегибиз! Аларды куфр дүйнөсүнүн бузуку саясатынан сактап калалы!!!

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here