Жээнбеков Түрк тилдүү мамлекеттердин коопсуздук кызматтарынын жетекчилерин кабыл алды

250
0

Жээнбеков Түрк тилдүү мамлекеттердин коопсуздук кызматтарынын жетекчилерин кабыл алды

Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков 14-ноябрда Кыргызстанда болуп өткөн Түрк тилдүү мамлекеттердин атайын кызматтарынын 21-конференциясынын катышуучуларын кабыл алды.

Мамлекет башчысы менен жолугушууга Азербайжандын Мамлекеттик коопсуздук кызматынын башчысы Мадат Гулиев, Азербайжандын Тышкы чалгындоо кызматынын башчысы Орхан Султанов, Өзбекстандын Мамлекеттик коопсуздук кызматынын төрагасы Ихтиёр Абдуллаев, Казакстандын Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасынын орун басары Нургали Билисбеков, Казакстандын тышкы чалгындоо кызматынын директору Исатай Сыртаев, Кыргызстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Идрис Кадыркулов жана ошондой эле КР Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев жана КР Президентинин Аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков катышты.

«Биз бир тууган, жакын элдербиз жана сиздердин атайын кызматтардын жыл сайын жолугушчу 20 жылдык салттарын сактап, кызматташтыкты бекемдеп жана өнүктүрүп, тажрыйба алмашып, улуттук, аймактык жана глобалдык көйгөйлөрдүн кеңири спектрин талкуулап жатканыңарга кубанычтабыз», — деп айтты Сооронбай Жээнбеков жана бул конференция бүт аймак үчүн маанилүү окуя экенин белгиледи.

Ал белгилегендей, аймактын бардык мамлекет башчылары эң оболу бир тууган элдердин коопсуздугун камсыздоого багытталган атайын кызматтардын тыгыз жана натыйжалуу аракеттешүүсүнө өзгөчө маани беришет.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here