“Талибан” Москвадагы жолугушууга катыша турган өкүлдөрүнүн тизмесин жарыя кылды

288
0

“Талибан” Москвадагы жолугушууга катыша турган өкүлдөрүнүн тизмесин жарыя кылды

“Талибан” кыймылы 9-ноябрда Афганистан маселеси боюнча Москвада болуп өтүүчү жолугушууга катыша турган делегаттардын тизмесин жарыя кылды.

Аталган делегацияда 5 адам болот. Алар: Хожи Мухаммад Аббас Станикзай, Мавлави Салам Ханафи, Шайх-ул-Хадис Мавлавий Шахобиддин Дилавар, Мавлави Зиё-ур-Рахмон Мадани жана Хожи Мухаммад Сухайл Шахин.

“Талибан” жолугушууга Россиянын чакыруусуна ылайык катышат.

Кабарда келишинче, “Талибан” жолугушууда Афганистандагы кырдаал боюнча өзүнүн позициясына айкындык киргизип алмакчы жана  учурдагы проблемалар тынч жол менен чечилишинен үмүттөнүүдө. Мындан тышкары, талиптердин расмий Кабулдун делегациясы менен бир да сүйлөшүү өткөрүү ниети жок.

Буга чейин кеңешүүлөргө Афганистан, Өзбекстан, Индия, Иран, Казакстан, Кыргызстан, Кытай, Пакистан, Тажикстан, Түркмөнстандын жана АКШнын өкүлдөрү чакырылгандыгы айтылган эле. “Талибан”дын саясий кеңешинин делегациясы эл аралык жолугушууга алгачкы жолу катышып жатат.

Жабык форматтагы жолугушуу Москвадагы “Президент-отел”де тышкы иштер министрлери жана атайын өкүлдөр деңгээлинде болуп өтөт. Жолугушуунун жыйынтыгында бирер документке кол коюу пландаштырылган эмес.

РФ тышкы иштер министрлигинин маалымат катчысы Мария Захарова бейшемби күнү: “Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров 9-ноябрь күнү талиптер катыша турган Москва форматындагы жыйында сөзгө чыгат”, – деп  кабарлады.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here