ЖККУнун саммитинде уюмдун жаңы башкы катчысы дайындалбады

242
0

ЖККУнун саммитинде уюмдун жаңы башкы катчысы дайындалбады

Жамааттык коопсуздук келишими уюмуна мүчө мамлекеттердин Астана шаарындагы жыйынында уюмдун жаңы башкы катчысы тастыкталбады. Бул тууралуу Россия Коопсуздук кеңешинин төрагасы Николай Патрушев билдирди.

“Талапкер боюнча чечим 6-декабрда Санкт-Петербургда болуп өтүүчү саммитте кабыл алынат”, – деп кабарлады Россия президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков. Ага чейин Валерий Семериков башкы катчынын милдетин аткарып турмай болду.

Кабарда келишинче, президенттердин сүйлөшүүлөрү үч сааттан ашык убакытка созулган.

Буга чейин ЖККУнун башкы катчысы болуп турган Юрий Хачатуровго карата Арменияда конституциялык түзүлүштү кулатуу айыбы менен кылмыш иши козголгон. Бүгүнкү күндө анын милдетин милдетин башкы катчынын орунбасары Валерий Семериков убактылуу аткарып турат.

Саммиттин алдында Россия президентинин жардамчысы Юрий Ушаков башкы катчылык орунга Семериковдун, же Белоруссия, же Армениянын өкүлдөрүнүн талапкердиги каралып жаткандыгын билдирген.

ЖККУнун мүчөлөрү саммиттин жыйынтыгы боюнча декларация кабыл алышты. Декларацияда, Афганистанда наркотикалык заттарды өндүрүү көбөйгөндүгүнө жана өлкөнүн түштүгүндө террорчулардын бекем орношуп алуу аракеттерине тынчсыздануу билдирилди.

Мындан тышкары, ЖККУ жетекчилери Афганистандагы кырдаалды жалаң гана тынч жол менен жөнгө салуунун тарапкери экендигин билдиришти.

Саммиттин катышуучулары маалымат айдыңында жаңжалдардын алдын алууга, маалыматтык куралдануу байгесине жол бербестикке чакырышты.

Семериковдун айтымында, ЖККУга мүчө өлкөлөрдүн өкүлдөрү авиациалык жана ракеталык чабуулдан коргонуу жаатында бирдиктүү система түзүү боюнча иш планын келишүүгө мүмкүнчүлүк болбогон.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here