Россия Украина жарандары жана компанияларына санкцияларды киргизди

290
0

Россия Украина жарандары жана компанияларына санкцияларды киргизди

Украинанын санкцияларына жооп иретинде Россия да атайын экономикалык санкцияларды киргизди. Россия Укпраинанын 322 жараны жана 68 компаниясына карата санкция киргизгенин жарыялады.

Санкциялык тизмеге Украинанын ички иштер министри Арсен Аваков, Коопсуздук кызматынын жетекчиси Василий Грицак, коргоо министри Степан Полторак, “Оңчул сектордун”мурдагы лидери Дмитрий Ярош , мурдагы премьер-министрлер – Юлия Тимошенко жана Арсений Яценюк о.э. парламент депутаттары киргизилди.

Тийиштүү жарлыкка Россиянын премьер-министри Дмитрий Медведев кол койду.

Кабарда келишинче, жарлыкка ылайык Россия аймагында накталай эмес каражаттарды, документсиз баалуу кагаздарды жана мүлктү блоктоо камтылган атайын экономикалык чаралар колдонулат о.э. Россиядан тышкарыга каражаттарды которууга тыюу салынат.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here