Абылгазиев: КМШнын алкагында соодадагы ашыкча тоскоолдуктарды жоюу зарыл

422
0

Абылгазиев: КМШнын алкагында соодадагы ашыкча тоскоолдуктарды жоюу зарыл

 Кыргызстан Көзкарандысыз мамлекеттер шериктештигинин (КМШ) алкагында  соодадагы ашыкча тоскоолдуктар жоюлушун колдойт. Бул тууралуу, Кыргызстандын премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Астана шаарында болуп өткөн КМШ өлкөлөрүнүн өкмөт башчыларынын кеңешинин тар чөйрөдөгү жыйынында билдирди.

Абылгазиев мамлекеттер ортосундагы соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүүнүн негизги аспабы болуп эсептелген Эркин соода аймагы жөнүндө келишимдин мүмкүнчүлүгүн толук кандуу пайдалануу зарылдыгын белгиледи.

 “Бул тармакта ишке ашырылбаган чоң мүмкүндүктөр бар экендиги баарыбызга белгилүү. Өз ара соода жүгүртүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүүнү колдогон жак катары, кыргыз тарап соодадагы ашыкча тоскоолдуктарды жоюу жана коргоочу чаралардын санын төмөндөтүү боюнча ишти улантууну үчүн чыгууда”, – деп белгиледи Мухаммедкалый Абылгазиев.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here