НАТО “кансыз согуш” бүткөндөн бери эң ири аскерий машыгууларды өткөрөт

389
0

НАТО “кансыз согуш” бүткөндөн бери эң ири аскерий машыгууларды өткөрөт

Европага карата коркунучтарды жоюуга каратылган машыгууларга он миңдеген аскер катышат.

Машыгуунун негизги баскычы Норвегияда 29-октябрь күнү НАТОго мүчө 29 мамлекеттин о.э. алардын Финландия жана Швеция сыяктуу өнөктөштөрүнүн катышуусунда башталат.

Машыгуулар эки аптага созулат.

 “Бүгүн маанилүү күн, себеби бул – НАТОнун “кансыз согуш” аяктагандан бери эң ири аскерий машыгуусу”, – деди НАТОнун башкы катчысы Йенс Столтенберг.

Аталган машыгуу НАТО менен Россия ортосундагы мамилелер курчуп бара жаткан учурга туура келүүдө.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here