Россия дагы кайрадан “ИШИМ” коркунучунан эскертти

293
0

Россия дагы кайрадан “ИШИМ” коркунучунан эскертти

Россия коргоо министринин орунбасары Александр Фомин Пекиндеги коопсуздук маселелери боюнча эл аралык форумда сүйлөгөн сөзүндө, Сирия-Ирак чек арасы аркылуу экстремисттик көз карашты колдоочу 50 миңден ашык адам өткөндүгүн билдирди. Алардын өз өлкөлөрүнө же башка мамлекеттерге кайтып барышы “ИШИМ” террордук уюму жайылуусу коркунучун  пайда кылат. Бул тууралуу РИА “Новости” кабарлады.

“Согуштук аракеттер зонасына көптөгөн чет өлкөлүк согушкерлер келиши байкалууда. Айрыкча, Сирия-Ирак чек арасы аркылуу дүйнөнүн 100 өлкөсүнөн болгон 50 миңге жакын адам өттү. Алардын өз өлкөсүнө же башка мамлекеттерге барышы “ИШИМ”дин террорчу топтору жайылышы коркунучун пайда кылат”, – деди Фомин.

Анын айтышынча, террордук уюмдун тарапкерлери Яман, Мисир, Ливия, Сомали, Афганистан, Индонезия, Филиппин жана Европа Союзу өлкөлөрүндө катталган.

Фоминдин билдиришинче, террорчулардын жетекчилери жаңы тарапкерлерди тартууда интернеттен кеңири пайдаланып жатышат.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here