Даъват жөнүндөгү суроого жооп

249
0

Даъват жөнүндөгү суроого жооп

Суроо:  Кыргызстан бийлиги имамдар жана башка исламий жамааттар менен коопсуздук күчтөрүн бириктирип, биргеликте иш алып бармакчы болууда. Алар биргеликте мусулмандарды ибадатка, адеп-ахлакка чакырып жатышат. О.э. улутчулдукка, мекенчилдикке жана бийликке баш ийүүгө чакырып жатышат. Буларга кандай мамиледе болуш керек? Айрым жерлери ката, бирок пайдалуу тараптары да бар.

Жооп:  Аллах мусулмандарга даъватты фарз кылды. Бирок, Аллах бейкажет Зат болгондуктан, ал биздин даъватыбызга да, ибадаттарыбызга да муктаж эмес. Демек, даъват бизге Аллахтын кезектеги сыноосу болду! Аллах Таала ар бир амалдын аткаруу тартибин белгиленгени сыяктуу эле, даъватка да Пайгамбарыбыз с.а.в. көрсөтүп берген сийратка ылайык, сүннөттөн тарыйкат өкүмдөрүн белгилеп койду. Башкача айтканда, намаздын убактыларын белгилегендей эле, намазды аткаруу рукндарын да шаръий өкүм кылып белгилеп койгон. Т.а. намазды сүннөткө жана өз рукндарына ылайык, Пайгамбарыбыз с.а.в. көрсөтүп бергендей аткаруу важиб болгондой эле, даъватты да өз тарыйкатына, шаръий өкүмдөргө ылайык ишке ашыруу важиб!

Пайгамбарыбыз с.а.в.га Курайш кафирлери “бир күн сенин диниң менен, бир күн биздин динибиз менен өкүм кылалы” деген сунуш менен кайрылышты. Пайгамбарыбыз с.а.в. “оң ийниме күндү, сол ийниме айды койсоңор да буга ыраазы болбоймун, Аллахтын айтканы болот же мен ушул жолдо өлүп кетемин” деди. Пайгамбарыбыз с.а.в.дын куфр менен мамилесиндеги бул иш биз үчүн даъваттагы стратегиябызды белгилөөдөгү негиздерден болуп, куфр менен Исламды бири-бири менен аралаштыруу мүмкүн эместигине ачык-айкын далил болот.

Куфрдун кол астында даъват алып баруу мүмкүн, бирок аны менен кызматташтыкта даъват алып барууга болбойт! Т.а. мусулмандардын ибадат кылышы үчүн куфрду ыраазы кылууга, же исламий баалуулуктарды жүзөгө чыгаруу үчүн куфр жашоосуна ыраазы болуп жашоого чакырууга болбойт. Даъват алып барып жатып кафирлер коргоосу астында болуу мүмкүн. Себеби, куфр өкүмү астында кандай жашоо жана алар менен кандай мамиле кылуу керектиги жөнүндө шаръий өкүмдөр бар. Пайгамбарыбыз с.а.в.дын Меккедеги жашоосу биздин бүгүнкү күндөгү жашообуз үчүн сүннөт, башкача айтканда, тарыйкат болуп, даъватты ушул сийраттан алынган тарыйкат өкүмдөрүнө ылайык алып баруудан жоопкербиз.

Демек, даъват Аллах каалагандай болушу үчүн анын вакиъде пайдалуу болушунун өзү жетиштүү болбойт. Тескерисинче, даъват Расулуллах с.а.в. көрсөтүп берген шаръий тарыйкатка туура келген ижтихад негизинде болушу важиб. Антпесе, даъватты – кудум намазды ар бирибиз өзүбүз каалагандай тартип белгилеп алып, окугандай – пайдасыз, керексиз ибадатка айландырып алабыз, мындан Аллах сактасын!

Кыргызстан бийлиги да куфр менен өкүм жүргүзүп жаткандыктан, аны менен болгон мамилебиз да ушуга ылайык болушу шарт! Исламды турмушка ылайыкташтыруу үчүн, же куфрга пайдалуу кылып, мусулмандарды ага моюн сундуруп берүү үчүн ишке ашырылып жаткан ар кандай аракеттер четке кагылат! Ислам менен куфр аралашкан жашоо же даъват куфр деп этибар кылынат!

Абдураззак.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here