Өзбекстан разведкасы: ИШИМдин сабында согушкан 4 өзбек жараны кармалды
Өзбекстан разведкасына караштуу булак “террорчу” топторго т.а. Сириядагы “ИШИМ” уюмуна мүчө болгондукта айыпталган 4 өзбек жараны кармалгандыгын кабарлады. Кабарда келишинче, Өзбекстан мамлекеттик коопсуздук агенттиги бул операцияны чет өлкөлүк коопсуздук мекемелери менен биргеликте ишке ашырган.
Кабарда: “Кармалган адамдар Сирияда ишмердүүлүгүн жүргүзүп жаткан эл аралык террордук уюмдардын жетекчилери жана жооптуу кызматкерлери болушкан”, – деп айтылат.
Булак “террорчулукта” айыпталган адамдарды кармоо кайсы жерде жана кайсы мамлекеттин коопсуздук кызматтарынын жардамы менен ишке ашырылганын ачыктабады. Анын билдиришинче, аталган мамлекет менен кызматташууну улантуу үчүн ушундай кылуу зарыл.
Булактын билдиришинче, кармалгандардын экөө “террорчулук” боюнча машыгуудан өтүшкөн. Алардын бири Өзбекстандын Сурхандарё облусундагы жашыруун ячейканын мүчөсү болгон. Үчүнчүсү болсо, 2015-жылы “террористтик” уюмга кошулган жана Сирияда жихад кылуу үчүн жөнөгөн адамдарды Түркиядан тосуп алып, Сирияга өткөрүүдөн жоопкер болгон.
Булардын бардыгы чет өлкөдө болгон учурда жасалма документтерден пайдалангандыгы о.э. Россия, Түркия, Афганистан жана Пакистан каналдары аркылуу Сирияга жетип барышкандыгы кошумчаланды.