Трамп: Сауддар бизге Израиль маселесинде көп жардам берди!

326
0

Трамп: Сауддар бизге Израиль маселесинде көп жардам берди!

АКШ президенти Дональд Трамп Саудия өкмөтү Израилди колдоп-кубаттоодо Кошмо Штаттарга көп жардам бергендигин алгачкы жолу расмий билдирүүсүндө жарыя кылды.

Трамп Ак үйдөн берген билдирүүсүндө, журналист Жамал Кашыкчынын өлүмүнөн кийин Саудия үчүн жүз бериши мүмкүн болгон натыйжаларга комментарий берип: “Саудия АКШ үчүн улуу союздаш жана ири инвесторлордун бири болуп эсептелет. Башкача айтканда, ал АКШга миңдеген жумуш орундарын түзүүгө мүмкүнчүлүк берген о.э. миллиарддаган доллар жаткырган эң ири инвестор”, – деди.

АКШ президенти Саудиянын жардамы туурасында кеңири маалымат бербеди.

Трамп Кашыкчы окуясы үчүн Саудияны актоо мүмкүн эместигин, а бирок ошол эле учурда Жакынкы Чыгышты дүйнөнүн өтө оор жана кооптуу бөлүгү деп эсептешин билдирди.

“Ошону менен бир катарда, алар биз үчүн өтө жакшы союздаш болушту. Израилге тиешелүү иштерде бизге жардам беришти жана көптөгөн нерселерди каражат менен камсыздашты”, – деп кошумчалады Трамп.

Трамп бул билдирүүсү аркылуу Израилдин кызыкчылыктарын коргоодогу Саудиянын ролун алгачкы жолу расмий түрдө тастыктады.

Палестина проблемасы себептүү Саудия жана Израиль ортосунда ачык мамилелер жоктугу айтылышына карабастан, Израилдин премьер-министри Бенямин Нетаняху, АКШ президенти Дональд Трамп жана Саудиянын мураскор шахзадасы бин Салман тарабынан берилген билдирүүлөр эки өлкө ортосунда жакындашуу бар экендигин көрсөтүүдө. Мындан тышкары, Саудия-Израиль ортосундагы жашыруун жолугушуулар да ашкере болуп калган эле.

Туркистон:

Куфр дүйнөсү Ислам дүйнөсүндөгү кыянатчылар менен биригип, АКШнын кызыкчылыгы үстөм болгон жаңы дүйнөлүк мухит пайда кылууда. Бул мухитте АКШга же анын дүйнөлүк кызыкчылыктарына ылайык иш алып барып жаткан мамлекеттер же уюмдар кандай жийиркеничтүү иштерди кылышса да жоопкерчиликке тартылышпайт. Себеби, дүйнөдө кайсы мамлекетке кандай жаза берүү же санкцияларды киргизүү АКШнын гана ыйгарым-укугу болуп, бул ыйгарым-укугун дүйнөлүк система же идеология кызыкчылыгынан эмес, өз мамлекетинин кызыкчылыгынан келип чыгып белгилеп жатат. Бул абал дүйнөлүк куфр системасынын кризисине ишара кылып, кубаттуу мамлекеттер алсыз мамлекеттерди ачык эле кемсинтип, өз таасири астындагы залим мамлекеттерди ашкере жана мыйзамсыз жолдор менен колдоп барышат. Куфр мабдаъсы негизиндеги дүйнөлүк башкаруу системасы  алда качан эле башкаруу кубатын жоготкон. Аныгыраагы, ал башынан эле дүйнөнүн кызыкчылыгы үчүн түзүлгөн эмес!

Ислам дүйнөсүндөгү кыянатчы жетекчилерибиз, дүйнөлүк куфр системасынын кызыкчылыгы үчүн куфр жетекчилерине мурда жашыруун кызмат кылып келген болсо, эми кыянатчылыгын ачыкка чыгарышты! Аллахтын каарынан да,  үммөттүн жек көрүүсүнөн да коркпой ачык эле куфр тарапты тандап, ыймандарын арзыбаган дүйнөгө сатып жиберишти!

Түркиядагы консулдук король Салмандан сурабай, ыраазылык албай, аны эскертпей туруп бир адамды өлтүрүп жиберген имиш. Буга ким ишенет…. Ал тургай, Трамптын өзү да ишенбей жатат. Трамп “бул саткын мага яхудий вужудун сактап туруу үчүн керек” деп жатат. Демек, Трамп Эрдоганга “бул сен үчүн да керек” демекчи болууда! “Арабдарды тизгиндеп туруу үчүн бул саткын королдук бүтүндөй куфр дүйнөсү үчүн, ошону менен бир катарда Эрдагон бийлиги үчүн да керек” демекчи болууда! Ислам дүйнөсү ушунчалык кор болдук дейсиң, саткындарга бийликти тапшырып коюп, алар аркылуу яхудийлерди коргоп отурабыз!!!

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here