Пекин: Москва менен аскерий кызматташтыгыбызга эч кимдин аралашуусуна жол бербейбиз

294
0

Пекин: Москва менен аскерий кызматташтыгыбызга эч кимдин аралашуусуна жол бербейбиз

Кытайдын тышкы иштер министринин орун басары Гонг Хуан Ю аскерий тармакта Кытай менен Россия ортосундагы кызматташтык толук мыйзамдуу экендигин билдирди. Анын айтымында, АКШнын санкцияларына карабастан, Кытай кызматташтыкты күчөтө жана Пекин Москва менен аскерий жактан кызматташкандыгы шылтоосунда ага каршы колдонулган санкцияларды четке кагат.

“Россия менен Кытай ортосундагы кызматташтык Россия жана Кытайдын кызыкчылыктарына туура келет. Региондо тынчтык жана туруктуулукту камсыздоодо маанилүү роль ойнойт. Бул кызматташтыкка аралашууга эч кимге жол бербейбиз”, – деди Хуан Ю маалымат жыйынында.

Ал: “Ошондуктан мен бул жерде баса белгилеп кетем, Россия жана Кытай ортосундагы аскерий жана соода-экономикалык кызматташтык о.э. коргоо тармагындагы кызматташтык мурункудай эле улана берет. Эки тарап тең зарыл болгон механизмдерди алат”, – деп кошумчалады.

Өз кезегинде АКШ президентинин улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жон Болтон азыркы кылымда Кытай Америка үчүн негизги проблема экендигин билдирди. Болтондун айтымында, Пекин АКШ аскер кызматкерлеринин өмүрүнө коркунуч туудурууда, Вашингтон болсо буга макул боло албайт.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here