Трамп: Кытай Россиядан да кооптуу

313
0

Трамп: Кытай Россиядан да кооптуу

Кытай шайлоолорго аралашуу жагынан Россияга караганда көбүрөөк олуттуу коркунуч туудурууда. Бул тууралуу АКШ президенти Дональд Трамп “CBS” телеканалына берген интервьюсунда билдирди.

 Трамп: “Россия аралашты, бирок менимче, Кытай да аралашты”, – деди.

 Ал 2016-жылдагы президенттик шайлоого Россия аралашканы туурасында берилген суроого жооп берип: “Менимче, Кытай андан да олуттуураак проблема”, – деди.

Буга чейин, Нью-Йорктогу маалымат жыйынында Дональд Трамп Кытайдын Америкадагы шайлоого аралашууга аракет  кылгандыгын тастыктоочу далилдер бар экендигин айткан. Анын билдиришинче, Кытай ноябрь айында болуп өтүүчү Конгресске шайлоолорго таасир өткөрүүгө аракет кылууда жана жана республикачылардын жеңишине тоскоолдук кылып, АКШ бийлигинин учурдагы соода саясатын токтотууну көздөйт. Кытайдын тышкы иштер министри Ван И бул билдирүүнү четке кагып, Пекин ар дайым башка мамлекеттердин иштерине аралашпоо принцибин карманып келгендигин баса белгиледи.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here