Сергей Шойгу КМШга мүчө өлкөлөрдүн коргоо министрлери эмнелер боюнча келишип алышкандыгын билдирди

246
0

Сергей Шойгу КМШга мүчө өлкөлөрдүн коргоо министрлери эмнелер боюнча келишип алышкандыгын билдирди

“Бүгүнкү жыйында кабыл алынган токтомдор КМШга мүчө мамлекеттер ортосунда коргонуу тармагында кызматташтык күчөшүнө кызмат кылат”, – деди РФ коргоо министри Сергей Шойгу Ташкентте өткөн КМШга мүчө мамлекеттердин коргоо министрлеринин кезектеги жыйынынын соңунда берген билдирүүдө.

 О.э. бүгүнкү жыйында Борбор Азия регионундагы кырдаалга баа берилгендигин жана эл аралык терроризмге каршы күрөшүүнүн зарыл чаралары белгилеп алынгандыгын билдирген.

 “КМШга мүчө мамлекеттер ортосунда аскерий кызматташтыкты өнүктүрүү, радиациялык, химиялык жана биологиялык кырдаалды баалоо о.э. көзөмөл кылууда бирдиктүү системанын келечеги туурасында талкуулаштык”, – деди Шойгу.

О.э. КМШга мүчө мамлекеттердин куралдуу күчтөрү авиация тармагындагы кызматташтык маселелери, аскерий билим берүү тармагында аскерий окуу жайлардын курсанттары ортосунда предметтик олимпиадаларды өткөрүү, экинчи дүйнөлүк согуштун 75 жылдыгына арналган иш-чараларды кызматташтыкта өткөрүү каралган.

 “Бүгүнкү жыйында Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңиштин 75 жылдыгын белгилөөгө старт берилди. Бул өтө маанилүү, символикалык иш-чара. Бул элдерибиздин жалпы тарыхы. Алар биргеликте фашизмди жеңишкен. Муну эстен чыгарбашыбыз керек”, – деп айтты Шойгу.

Жыйында коргоо министрлери кеңешинин 2019-жылга карата иш планы кабыл алынды. 2019-жылы КМШга мүчө мамлекеттер авиа чабуулдан коргоо жана аскерий аба күчтөрү кошуундары командачылыктары ортосунда биргелешкен машыгууларды уюштуруу боюнча документтерге кол коюлду.

 12-октябрь күнү Ташкенттеги Өзбекстан эл аралык форумдар сарайында КМШга мүчө өлкөлөрдүн коргоо министрлери кеңешинин кезектеги жыйыны болуп өттү. Ага Россия, Азербайжан, Армения, Белорусия, Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстандын коргоо министрлери катышты.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here