Новости: Хизбут-Тахрирдин аракети “Халифалык мамлекети” деген аталыштагы бирдиктүү мамлекет тикелөөгө негизделген

258
0

Новости: Хизбут-Тахрирдин аракети “Халифалык мамлекети” деген аталыштагы бирдиктүү мамлекет тикелөөгө негизделген

Россиянын Татарстан республикасында Хизбут-Тахрир Исламий партиясынын жетекчиси Россия федералдык коопсуздук кызматы тарабынан “террорчу” катары камакка алынды. Бул тууралуу мамлекеттик коопсуздук кызматына караштуу маалымат борбору кабарлады.

Маалымат борборунун билдиришинче, Хизб ут-Тахрирдин жетекчисин жана анын шериктерин  кармоого РФ ички иштер министрлиги жана Россия улуттук гвардиясына караштуу күчтөр катышкан.

Коопсуздук кызматы, алардын биринин үйүнө бастырып киргенде өтө чоң өлчөмдө Россияда тыюу салынган материалдар жана Хизбге караштуу китептер менен бир катарда байланыш каражаттары да табылгандыгын билдирди.

Хизб ут-Тахрир Исламий саясий уюм болуп, 50дөн ашуун мамлекетте ишмердүүлүгүн жүргүзөт. Расулуллах с.а.в.дын тарыйкатынан чыкпагандыгы себептүү буга чейин бир жолу да материалдык күч колдонгондугу катталган эмес. Ошондуктан, өздөрүн демократиялык мамлекет деп эсептеген мамлекеттер аны террорчу уюмдар тизмесине киргизүүгө жол таба алышпаган. Ушундай болушуна карабастан, Россия жана Өзбекстан сыяктуу мамлекеттер ага террорчу уюм деп жалаа жабуудан уялышпайт.

“Новости” маалымат агентигинин кабарында, бир тараптан Хизб ут-Тахрир Исламий уюмун “Конституциялык түзүлүшкө каршы мамлекеттик төңкөрүш уюштурууга умтулат жана максатына жетүү үчүн терроризмден пайдаланууга мүмкүнчүлүк берет” деп террорчу катары сыпаттап, башка тараптан анын аракеттери башка мамлекеттердеги аракеттери менен бирдей экендигин моюнга алды.

“Тергөөнүн алгачкы жыйынтыктары көрсөткөндөй, кармалган адамдар Россиянын ичкерисинде мамлекеттик конституцияга каршы аракет алып баруу үчүн Хизб ут-Тахрирдин башка өлкөлөрдөгү жетекчилери менен ылайыкташып иш алып барышкан. Хизб ут-Тахрирдин аракети бир нече мамлекеттер жана региондорду өз ичине ала турган “Дүйнөлүк Халифалык мамлекети” деп аталуучу бир бүтүн диний мамлекет курууга негизделген”, – деп айтылат “Новости” кабарында.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here